AVN







ГУМАНИТАРДЫК ИЛИМДЕР ПЦКДАГЫ АЛГЫЛЫКТУУ ИШТЕР

ГУМАНИТАРДЫК ИЛИМДЕР ПЦКДАГЫ АЛГЫЛЫКТУУ ИШТЕР
 Mar 23, 2023  229

Жалал-Абад колледжинин гуманитардык илимдер ПЦКсында окуу жылдын  экинчи жарым жылдыгына  пландалган  иштер кызуу жүрүп жатат. Атасак,  ПОВТАС 5-22, КМТШИ 3-22 тайпалары  активдүү окурман катары Жалал-Абад облустук китепкананын кызматкерлери менен биргеликте “Мекен сакчылары” аттуу майрамдык иш-чара өткөрүштү. Иш-чарада ЖАКтын студенттери Мекен сакчыларына арнап ыр, бий жана кызыктуу оюндарды тартуулашты.

ПОВТАС 5-22 жана КМТШИ 3-22тайпасынын студенттери   Аялдардын эл аралык майрамына карата “Берекелүү аял зат”деген темада майрамдык кече  өткөрүштү.  Майрамдык кечеге Жалал-Абад облустук китепкананын активдүү окурмандары катышышты. Кеченин жүрүшүн көркөм окуулар, ыр-бийлер жана оюн күлкүлөр коштоду. Кеченин коноктору ЖАКтын окутуучулары , Жалал-Абад облустук китепкананын кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы №4 орто мектептин мугалимдери болушту.

Ошондой эле бул ПЦКда ачык сабактар дагы башталды. Кыргыз тили сабагынан “Фразеологизмдердин макал-лакаптар менен карым-катышы” деген темада ачык сабак өткөрүлдү. Ачык сабакты кыргыз тили окутуучусу Токтоматова Гульнара Орунбаевна ПОВТАС -5-22 тайпасына өттү.        

  • ГУМАНИТАРДЫК ИЛИМДЕР ПЦКДАГЫ АЛГЫЛЫКТУУ ИШТЕР
  • ГУМАНИТАРДЫК ИЛИМДЕР ПЦКДАГЫ АЛГЫЛЫКТУУ ИШТЕР