AVN







МЫКТЫ СТУДЕНТ, МЫКТЫ АДИС

МЫКТЫ СТУДЕНТ, МЫКТЫ АДИС
 Mar 23, 2023  216

Иш берүүчүлөр менен окуу жайдын тыгыз байланышта болуусу ар бир билим берүү мекемесинин приоритеттүү маселелеринин бири болуп саналат. 

         Медициналык колледждин фармация ПЦКсында иш берүүчүлөр менен “Мыкты студент, мыкты адис” деген темада тегерек стол өткөрүлдү.

Жолугушууда медициналык колледждин директору НКББП боюнча окуу процессинин уюштурулушунун билим берүү,  окуудагы студенттердин мүмкүнчүлүктөрү, окуу жайдын студенттер үчүн түзгөн шарттары, жагымсыз жагдайларга каршы күрөшүү иш-чараларынын аткарылышы боюнча кеңири маалымат берди.

Фармация ПЦКсынын жетекчиси З.Аттокурова ПЦКнын окуу процесси студенттердин сапаттык жетишүүсүнө, рейтингине токтолду.

Иш берүүчүлөр НКББПсына өз ойлорун, сунуштарын айтышты. Фармация адистигинде практика учурундагы студенттердин артыкчылык жана кемчилик тараптарына кенири токтолуп, ой пикирлерин айтышты.

Соңунда иш берүүчүлөр Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун медициналык колледжинин жамаатына, студенттерге өз ыраазычылыктарын билдиришти.
Бул иш-чаранын негизги максаты студенттердин билим алуусу жана  теориялык билимди практика жүзүндө колдоно билүү. Алардын сунуш-пикирлерин угуу, студенттердин татыктуу адис болуп чыгуусуна өбөлгө түзүү болуп саналат.

  • МЫКТЫ СТУДЕНТ, МЫКТЫ АДИС
  • МЫКТЫ СТУДЕНТ, МЫКТЫ АДИС
  • МЫКТЫ СТУДЕНТ, МЫКТЫ АДИС