AVN







ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
 Mar 23, 2023  205

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин БАС кафедрасында иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушуучу тегерек стол  болуп өттү. Тегерек столго Эл аралык заманбап университетинин улуу окутуучусу Абилов Каныбек Бурханович, Экоисламик банкынын улук програмисти- Джумашев Разакбай Мусабаевич, Жалал-Абад шаардык сотунун IT- консультаты Нышанов Бакытбек Михаилович, ОсОО “АрхСтроймир” мекемесинин Шерматов Руслан Жамалдинович, ITC Bootcamp академиясынын ментору Стамкулов Руслан  Робертович, ЖАМУ колледжинин окутуучусу Сатимбаева Арзыкан, ЖАМУнун башкы эсепчиси Ташполотов Жумалы Жолборсович, “Алтын түйүн” академиясынын Жалал-Абад филиалынын башчысы Момбаев Алмазбек,  ЖАМУнун илим, магистратура, аспирантура доктарантура бөлүмүнүн улук инспектору Сулайманова Гулен Кантороевна жана БАС кафедрасынын  жалпы профессордук-окутуучулук курамы, студенттери катышышты. Тегерек стол өткөрүүнүн  максаты  2023-2024-окуу жылына  негизги билим берүү программасын (НББП) түзүүдө  иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөрдүн  ой пикир, сунуштарын угуу, жана стратегиялык иш план, жалпы жумушчу программаларын талкулоо, студенттерге билим алууда шыктандыруучу  мотивация берүү, адистикти даярдоодо  иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен  ЖОЖдун кызматташуу жолдорун кароо. Жолугушуунун башында студенттер даярдаган ЖАМУ тууралуу видео роликтер көрсөтүлдү.Ар бир конокко сөз берилип билим деңгелин жакшыртуу максатында  ой пикир, сунуштары угулду.Жыйынтыгында, иш берүүчүлөр тарабынан сунуштар негизги билим берүү программасын түзүүдө айрым жаңы предметтерди кошуу бүгүнкү күндүн талабы экендигин айтып өтүштү.

  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ