AVN







СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЖОЛУГУШУУСУ

СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЖОЛУГУШУУСУ
 Mar 27, 2018  862

ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин “Техникалык жана маалыматтарды иштетүү” бөлүмүнүн, «Электр менен жабдуу» адистигинин жалпы студенттери менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда  жолугушуу 23-март күнү болуп өттү. Мындай маалыматты колледждин окутуучусу Айжаркын Мамытова билдирди.

 Жолугушууга «Жалал-Абад электро» ачык акционердик коомунун «Окуу борборунун» башчысы Гүлжан Кочкорова, Ыкчам-тескөө бөлүмүнүн инженери Гулмира Сариева, жана опертор-диспетчер Нургүл Жумаева, ЖАКтын директору Бариса Турдубаева, “Техникалык жана маалыматтарды иштетүү” бөлүмүнүн башчысы Талант Нарымбетов, «Электр менен жабдуу» адистигинин 9 окутуучусу жана 34  студент катышты.

  Ал эми күн тартибинде үч маселе коюлган, алар:  Келечекте Кыргызстандын энергетикасын өнүктүрүүдөгү  адистиктин орду, окуу жай менен өндүрүштүн байланышын чыңдоо жана студенттердин окууну аяктагандан кийин иш менен камсыз болуусуна өбөлгө түзүү меселелери каралып, талкуу жүрдү – дейт А. Мамытова.

  • СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЖОЛУГУШУУСУ
  • СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЖОЛУГУШУУСУ