AVN







КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА
 Mar 22, 2023  290

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый –техникалык факультетинин 640200 Электрэнергетика жана электротехника багытынын электроэнергетикалык системалар жана түйүндөр профилинин ЭЭСС-1-19 тайпасына квалификациялык иш алдындагы практиканы уюштуруу конференциясы болуп өттү. Окуу планына ылайык квалификациялык иш алдындагы практика 20.03.2023-20.04.2023 чейинки убакытта Жалал-Абад электр тармактары ишканасында болот.  

Бул конференцияга ЖАМУнун  карьерараны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Жолдошалиева Н.С., электроэнергетика жана механика кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Кокумбаева К.А. жана өндүрүштүк практиканын жетекчилери Ташиев З.К., Турдукулова А.А., Султаналиева К.К., Кочкорова М.Б. жана ЭЭСС-1-19 тайпаларынын студенттери катышышты.

Квалификациялык иш алдындагы практиканы уюштуруу жана өндүрүштүк практиканын ЖОБОсу боюнча  төмөндөгү окутуучулар баяндама жасашты:

Квалификациялык иш алдындагы практиканын максаты жана тапшырмалары жөнүндө практиканын жетекчиси катары т.и.к, доцент К.А. Кокумбаева;

жол карта менен иштөө, ишканада өзүн алып жүрүү, ички тартип жана техникалык коопсуздук эрежелери  боюнча улук окутуучу Ташиев З. К.;

күндөлүктү толтуруу, практиканын отчеттуулугу жөнүндө улук окутуучу А.А. Турдукулова;  Студенттердин өндүрүш ишканасындагы бөлүмдөргө жайгашуусу боюнча улук окутуучу К.К. Султаналиева;

өндүрүштүк практиканы баалоо критерийлери жөнүндө окутуучу М.Б. Кочкорова түшүндүрүп, студент практиканын отчетун тапшырууда “5” деген баа алуу үчүн практиканы өтөө учурунда сөзсүз түрдө окуу илимий изилдөө иштерин жүргүзүү менен бирге квалификациялык иш алдындагы практика болгондугу үчүн ар бир студент өздөрүнүн темаларына байланыштуу болгон керектүү материалдарды чогултуп, атайын бөлүмүндөгү темасына  көбүрөөк басым жасоо зарыл деп белгиледи.

Конференция учурунда студенттер өндүрүштүк практика боюнча өздөрүнө керектүү болгон баардык суроолоруна жооп жана керектүү материалдарды ала алышты.

  • КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА
  • КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА