AVN







24-МАРТ- БҮТКҮЛ ДУЙНӨЛҮК КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ

24-МАРТ-  БҮТКҮЛ ДУЙНӨЛҮК КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ
 Mar 22, 2023  192

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун медициналык колледжинде  24-март Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата  медициналык айым иши ПЦКсынын окутуучуларынын уюштуруусу менен Р. Г. Бауэр атындагы кургак учукка каршы күрөшүү борборунун адистеринин студеттер менен жолугушуусу болуп өттү.

   Жолугушууга Жалал-Абад шаарындагы оорукананын балдар бөлүмүнүн башчысы Мамашова Тумаргуль, Жалал-Абад областтык биргелешкен ооруканасынын №4 өпкө бөлүмүнүн башчысы Осмонова Жумагуль, хирургия бөлүмүнүн башчысы И.Абдукаримов, МЛУнун  2- бөлүмүнүн башчысы Закиржанов Б., МЛУнун  1-бөлүмүнүн башчысы Ибрагимова М.С., туруктуу кургак учук боюнча областтык координатору келип  катышты.

       Иш-чарага катышкан медициналык колледждин медициналык айым иши адистигинин студенттерине кургак учук оорусунун алдын-алуу, дарылоо, жугуу жолдору, Кыргызстандагы кургак учукка каршы күрөшүү борборлорунун иши жөнүндө кеңири маалыматтар берилди.

 Иш чара  кургак учук боюнча  адистерге  студенттер түрдүү суроолорду беришти. Кургак учук оорусунун алдын –алуу боюнча кызыктуу талкуу жүргүзүлдү.

  • 24-МАРТ-  БҮТКҮЛ ДУЙНӨЛҮК КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ
  • 24-МАРТ-  БҮТКҮЛ ДУЙНӨЛҮК КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ