AVN

БОЛОЧОК АДИСТЕРДИ КЕСИПКЕ ДАЯРДООДОГУ ЖОЖ – МЕКТЕП КЫЗМАТТАШТЫГЫ

БОЛОЧОК АДИСТЕРДИ КЕСИПКЕ ДАЯРДООДОГУ ЖОЖ – МЕКТЕП КЫЗМАТТАШТЫГЫ
 Mar 22, 2023  257

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультеттин физика жана информатика кафедрасында “Болочок адистерди кесипке даярдоодогу ЖОЖ – МЕКТЕП кызматташтыгы” аталышындагы Жалал-Абад областынын жалпы билим берүүчү орто мектептеринин жана базалык мектептердин физика жана информатика мугалимдери менен илимий – практикалык конференция өтүлдү ,конференцияда  кафедра башчысы п.и.к., доцент Р.С.Нусупова  предметик стандарттын негизинде сабактарды уюштуруу жолдору,  предметтик стандартта талап кылынган компетентүүлүктөрдү  калыптандырууда студент – практиканттардын сабакттын пландарын жазуу, уюштуруу, өтүү, баалоо жөнүндөгү көйгөйлөрүн камтыган баяндама жасады. Баяндаманын алкагында базалык мектептердин мугалимдери жана ЖОЖдун методистери, бүтүрүүчүлөр кесиптик – профилдик  практикада кездешкен көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун талкуулашып, сунушташты.

Кафедранын улуу окутуучусу Р.А.Төрөгулова кесиптик - профилдик практика боюнча жумушчу программа жана жол карталары боюнча баяндама жасап,базалык мектептер менен практика учурундагы талап кылынган отчеттук документтердин талапка ылайык жүргүзүлүүсу боюнча маалыматтар берилип, мектептин мугалимдери менен талкууланды .

Кафедранын п .и.к., доцент Э.К.Молдокеримова  студенттердин илимий изилдөө иштерин практика учурунда  базалык мектептерде экперименталдык  бөлүгүн жүргүзүүлүүсу  боюнча методисттердин кеп кеңештерин берип туруу жагын белгиледи.

Катышуучулар конференциянын жогорку деңгээлде уюштурулганын жана практикалык мааниси жогору экендигин айтып өтүштү. Жыйынтыгында конференцияга катышкан базалык мектептердин мугалимдерине "Ыраазычылык кат" жана кафедра окутуучулары тарабынан даярдалган китептер берилди.

  • БОЛОЧОК АДИСТЕРДИ КЕСИПКЕ ДАЯРДООДОГУ ЖОЖ – МЕКТЕП КЫЗМАТТАШТЫГЫ