AVN







ОКУУ ЖАЙДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ

ОКУУ ЖАЙДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ
 Mar 22, 2023  222

          Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин табигый-илимий билим берүү кафедрасынын профессордук- окутуучулар жамааты тарабынан “Бүтүрүүчү– келечектеги адис” темасында  окуу жайдын мурдагы бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга  окуу жайдан карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Н.С.Жолдошалиева, факультеттин деканы Ж.Б. Шамиев, кафедра башчысы Н.Б.Арстанбекова, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун биология, химия жана география адистигинин мурдагы бүтүрүүчүлөрү Ноокен (Момбеков айыл өкмөтүнөн), Базар-Коргон (Кызыл – Үңкүр айыл өкмөтүнөн), Сузак (Таштак, Октябрьск жана Кара- Алма айыл өкмөттөрүнөн) райондорундагы жалпы билим берүү мектептеринен, Базар-Коргон районунун гимназия мектептеринен, Таш-Көмүр шаарындагы мектептерде, Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов Эл аралык университетинде жана шаардагы    № 9 Р.Санатбаев атындагы инновациялык гимназия мектеби, № 5 Б.Осмонов атындагы  инновациялык гимназия мектеби Р.Азимов атындагы №13, №6  мектептеринде,  Базар-Коргондогу райондук китепканада жана кесиптик лицейде иштеген,  жеке ишкерлик менен алектенген бүтүрүүчүлөр, табигый илимий билим берүү кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы, жалпы студенттер катышышты.

            Жолугушууда кафедра башчысы Н.Б.Арстанбекова  жаңы стандартка ылайык түзүлгөн  550100 Табигый илимий билим берүү багытынын Негизги билим берүү программасы жана бүтүрүүчүнүн модели  менен тааныштырды.

         Жолугушууда чыгып сүйлөгөн Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы Турганбаева Саадат ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү шаардагы мектептерде үзүрлүү иштеп, ийгиликтерди жаратып келе жаткандыгына токтолду, анын ичинде табигый илимий билим берүү багытынын бүтүрүүчүсү, шаардагы Б.Осмонов атындагы гимназия мектебинин химия мугалими Абилов Максат 2022-жылы “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун шаардык , областтык этаптарында 1-орунду, ал эми республикалык этапта 3-орунду ээлеп, өзүнүн иш тажрыйбасын кесиптештери менен бөлүшүп жаткандыгына токтолуп, ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү Жалал-Абад областынын  район,шаарларында үзүрлүү эмгектенип жатышкандыгын белгилеп өттү .

Бүтүрүүчүлөрдүн атынан “Жылдын мыкты мугалими-2022” конкурсунун жеңүүчүсү, Жалал-Абад шаарындагы Б.Осмонов атындагы №5–гимназия мектебинин химия мугалими Абилов Максат, ушул эле мектептин география мугалими Айнура Кошматова, чыгып сүйлөп,  жаңы стандарттын негизинде түзүлгөн Негизи билим берүү программасын жактырышып, бүтүрүүчүнүн модели  боюнча өз пикирлерин билдиришти.

        Жолугушуунун  жүрүшүндө жаңы стандарттын негизинде түзүлгөн эксперименталдык окуу планы, Негизги билим берүү программасы боюнча бүтүрүүчүлөр тарабынан  бир топ суроолор берилип, жетекчилик тарабынан жооптор алынды.

Биология адистигинин мурдагы бүтүрүүчүлөрү  Базар-Коргон районундагы №21 С.Ташиев атындагы орто мектебинин директору Ш.Д.Токторбаева, Сузак районундагы Кара-Алма айыл өкмөтүндөгү Багыш агай негизги мектебинин директору О.Мусабаева,  К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин окутуучусу А.Инамова, Базар-Коргон районундагы райондук китепкананын китепканачысы У.Эргешова, жеке ишкер Н.Т.Садыковалар билим, тарбия берген окуу жайдын жетекчилигине, окуткан окутуучуларына өздөрүнүн терең ыраазычылыктарын билдиришип “Ыраазычылык каттарын” тапшырышты.

         Жолугушуунун экинчи бөлүгүндө окуу жайдын чоң залында аталган багыттын студенттеринин күчү менен даярдалган программадагы концерт тартууланды.                                                             

        Жолугушуунун аягында табигый-техникалык факультеттин деканы                   Ж.Б. Шамиев жана табигый илимий билим берүү кафедрасынын башчысы Н.Б.Арстанбекова тарабынан бүтүрүүчүлөрдүн мындан аркы кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалашып, аларга  ыраазычылык каттары тапшырылды - деп маалымдады аталган кафедранын уюштуруу тобунун мүчөсү, улук окутуучу  А.С. Болотова.

  • ОКУУ ЖАЙДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ
  • ОКУУ ЖАЙДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ
  • ОКУУ ЖАЙДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ
  • ОКУУ ЖАЙДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ
  • ОКУУ ЖАЙДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ
  • ОКУУ ЖАЙДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ