AVN







ӨНӨКТӨШ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ОКУМУШТУУЛАРЫ – КОНОК ЛЕКЦИЯДА

ӨНӨКТӨШ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ОКУМУШТУУЛАРЫ – КОНОК ЛЕКЦИЯДА
 Mar 22, 2023  206

Экономикалык-юридикалык факултетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасында экономика багытындагы студенттерге өнөктөш окуу жайлардын окумуштуулары тарабынан конок лекциялар уюштурулуп келет. Конок лекцияда жаш окумуштуулар тарабынан лекция окулуп, учурдагы Кыргызстандын экономикасына салым кошуу, анын ичинде “жашыл экономика” боюнча суроолорго баа берилип, ал боюнча мамлекет тарабынан аткарылып жаткан иш чаралар, аларды өркүндөтүүнүн жолдору боюнча кызыктуу суроолор берилип,  жооптор алынды.

 Конок лекция экономика багыты боюнча (профилдер бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит, финансы жана кредит) билим алып жаткан 3-курстун студенттерине “Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү темасы боюнча К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин экономика жана экономикалык изилдөөлөр кафедрасынын доценти Жороева Айнура Маматовна жана 2-курстар үчүн «Макроэкономика» сабагынан Тыныбекова Гулназ Тыныбековна тарабынан өтүлдү. Конок лекцияда э.и.д., профессор Аскарова Айнура, Каныбековна, окутуучу Орозова Чыныгүл Самидиновна, кафедра башчысы э.и.к., доцент Төлөнов Эмил Нажимидинович пикир алмашып, жыйынтыгында лекторго ийгилик каалашты.

  • ӨНӨКТӨШ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ОКУМУШТУУЛАРЫ – КОНОК ЛЕКЦИЯДА
  • ӨНӨКТӨШ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ОКУМУШТУУЛАРЫ – КОНОК ЛЕКЦИЯДА