AVN







Жалал- Абад колледжи менен гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучулары тажрыйба алмашты

Жалал- Абад колледжи менен гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучулары тажрыйба алмашты
 Mar 22, 2023  276

Колледждер аралык мобилдүүлүктү өнүктүрүү максатында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин окутуучулары М.А.Бекешов  жана Э.Ч.Ташиев ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин ТОиРАТ-1-21(9) тайпасынын студенттерине Автоунаанын түзүлүшү предметинен конок лекцияларды өтүштү.

Мында автоунааларды техникалык тейлөө багытындагы адистиктер үчүн атайын адистикке тиешелүү болгон бардык акыркы маалыматтарды камтыган лекциялар окулду. Заман талабына ылайык адисти даярдап чыгуу үчүн өнүгүүнүн заманбап үлгүлөрүн камтыган лабораториялык, техникалык жана усулдук колдонмолорду колдонгон маанилүү лекциялык сабакка студенттер кызыгуу менен катышышты.

Бул тажрыйба алмашуунун алкагында гуманитардык-технологиялык колледжинин автоунаа кафедрасынын ага окутуучусу Кочкоров А.Э. Автоунаалардын диагностикасы предметинен, окутуучу Бурканов Т.М. Автоунаанын түзүлүшү предметинен Жалал-Абад колледжинин ТОиРАТ-2-21(9,11) тайпаларынын студенттерине практикалык сабактарды өтүп келишти.

  • Жалал- Абад колледжи менен гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучулары тажрыйба алмашты