AVN







АТА-ЭНЕ ИЙГИЛИГИ – МЫКТЫ СТУДЕНТ

АТА-ЭНЕ ИЙГИЛИГИ – МЫКТЫ СТУДЕНТ
 Mar 17, 2023  300

Ата-энени окуу жай менен тыгыз байланышта кармоо ар бир билим берүү мекемесинин приоритеттүү маселелеринин бири болуп саналат. 

         2023-жылдын 16-мартында медициналык колледждин фармация ПЦКсында ата-энелер менен “Ата-эне ийгилиги – мыкты студент” деген темада жолугушу өткөрүлдү.

Жолугушууда медициналык колледждин директору окуу процессинин уюштурулушунун билим берүү, тарбиялоонун өзгөчөлүктөрү, окуудагы студенттердин мүмкүнчулүктөрү, окуу жайдын студенттер үчүн түзгөн шарттары, жагымсыз жагдайларга каршы күрөшүү иш-чараларынын аткарылыш боюнча кеңири маалымат берди.

Фармация ПЦКсынын жетекчиси З.Аттокурова студенттердин абсолюттук жана саппаттык жетишүүсүнө, рейтингине токтолду. Алдынкы студенттердин атын атап, ата-энелерине ыраазычылык билдирди.

Кураторлор: Абазова С., Калматова З., Чымбердиева Г, Казакова Р. аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берүү менен студенттердин жүрүм-туруму, коомдук иштерге катышуусу тартиби боюнча маалымат беришти.

Соңунда ата -энелер Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун медициналык колледжинин жамаатына, окуучуларга өз ыраазычылыктарын билдиришти.
Бул иш-чаранын негизги максаты студенттердин билим алуусу үчүн шарт түзүп берип жаткан ата-энелер менен тыгыз иш алып баруу, алардын сунуш-пикирлерин угуу, студент балдарынын татыктуу адис болуп чыгуусуна өбөлгө түзүү болуп саналат.

  • АТА-ЭНЕ ИЙГИЛИГИ – МЫКТЫ СТУДЕНТ
  • АТА-ЭНЕ ИЙГИЛИГИ – МЫКТЫ СТУДЕНТ
  • АТА-ЭНЕ ИЙГИЛИГИ – МЫКТЫ СТУДЕНТ
  • АТА-ЭНЕ ИЙГИЛИГИ – МЫКТЫ СТУДЕНТ
  • АТА-ЭНЕ ИЙГИЛИГИ – МЫКТЫ СТУДЕНТ
  • АТА-ЭНЕ ИЙГИЛИГИ – МЫКТЫ СТУДЕНТ
  • АТА-ЭНЕ ИЙГИЛИГИ – МЫКТЫ СТУДЕНТ
  • АТА-ЭНЕ ИЙГИЛИГИ – МЫКТЫ СТУДЕНТ