AVN

МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫН ИШКЕ АШЫРУУ УЧУР ТАЛАБЫ

МАМЛЕКЕТТИК  БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫН ИШКЕ АШЫРУУ УЧУР ТАЛАБЫ
 Mar 16, 2023  340

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы НББПсын талкуулоо жана Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын 1-4-класстары үчүн предметтик стандарттарын ишке ашырууда болочок башталгыч класстын мугалимдеринини билим, билгичтик жана көндүмдөрүн калыптандыруу маселелерин талкулоо максатында Базар-Коргон районундагы башталгыч класстын мугалимдери жана студент-практиканттар менен жолугушуп кайтышты. Жолугушууда райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти жана башталгыч класстын мугалимдери менен кызуу талкуу болду. Талкуунун жүрүшүндө профессор Сакиева С.С. доценттер Ураимов К., Найманбаев М. жана улук окутуучулар Төрөбекова Э, Осмоналиева С тарабынан атайын даярдалган НББПсы жана Билим берүү стандарты, окуу планы, окуу программасы, КТПлардын бири-бири менен байланыш структуралары жана негизги, предметтик компенеттүүлүктөр  боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Жыйынтыгында иш берүүчүлөрдүн ойлору жетекчиликке алынып, айрым өзөртүүлөрдү киргизүү сунушталды. НББПсы боюнча жеке ойлорун билдиришти, анда белгиленгендей бүгүнкү күн талабына ылайык окуучулардын компетенттүүлүгү калыптандыруу иш-аракеттерин жөнгө салуу, сабактын максатын  окуучунун позициясынан  коюу ыкмалары жөнүндөгү ойлор  айтылды -дейт улук окутуучу Торобекова А.Э.

  • МАМЛЕКЕТТИК  БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫН ИШКЕ АШЫРУУ УЧУР ТАЛАБЫ