AVN







НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
 Mar 15, 2023  344

2023-жылдын 14-мартында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер  кафедрасында 540200 социалдык иш багыты боюнча негизги билим берүү программасын (НББП) жана жалпы жумушчу программаларын иш берүүчүлөр менен талкуулоого арналган конференция болуп өттү.

Конференцияны өткөрүүнүн максаты: Социалдык иш багыты боюнча негизги билим берүү программасын (НББП) жана жалпы жумушчу программаларын иш берүүчүлөр менен адис даярдоочу тараптардын талаптарын, кызыкчылыктарын айкалыштыруу менен иштеп чыгуу. Аталган иш-чарага Сузак райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Тургунов Рустамбек Юсупович, Жалал-Абад шаардык мэриясынын уюштуруу иштери жана персоналдык кызмат бөлүмүнүн башчысы Мустапакулова Маликахан Пайгамбаркуловна, Жалал-Абад шаардык мэриясынын башкы адиси Шайбеков Кыязбек Жаныбекович, ЖалалАбад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Жакыпова Назира Алмазбековна, Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Кудайбердиев Сагындык Абдувалиевич, Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы А.Ж.Мусаев, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Жолдошалиева Нурия Султановна, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Паязова Жыпаргүл Нурмагаматовна жана профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын жалпы профессордук-окутуучулук курамы катышышты.

Жыйынтыгында, иш берүүчүлөр тарабынан сунуштар берилип, негизги билим берүү программасын түзүүдө толук камтуу менен ишке ашыруу керектигин баса белгилешти.

  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ