AVN







КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
 Mar 15, 2023  319

Бул күнү Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын П-1-2-20 жана МЧББ-1-20 тайпаларынын студенттери кезектеги кесиптик-базалык практикадан кайтып келишти. Алардын практикасы боюнча отчетторун алуунун жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференция учурунда ППОТКнын башчысы профессор С.С. Сакиева, ЖАМУнун карьера жана практика бөлүмүнүн башчысы Н. Жолдошалиевалар сөз алып, педагогика адистиги башка адистерге үлгү болуучу адис экендигин баса белгилеп, конференциянын ишине ийгилик каалашты. Педагогика адистигиндеги студент-практиканттардын отчет үчүн даярдаган документтеринин сапатынын жогорку деңгээлде болгондугуна жана өз кесибине жан-дили менен кыызыгууларын байкоого болот. Конференция учурунда методисттер А.Э.Төрөбекова, А.К.Шишкараева, Н.Ш.Мокуева, А. Раимкул кызы, Д. Аданова, С. Осмоналиевалар ар бир студенттин сабак өтүү ыкмаларын жана окуу процессин, инновациялык методдорун пайдалануунун кандай жолдору бар экендигине токтолуп кетишти. П-1-20 тайпасынын студенти Мелисова Ж. Пк-2-20 тайпасынын студенти Салижанова Г., П-1-20 тайпасынын студенти Закиржанова А. МЧББ-1-20 тайпасынын студенти Абдикаримова А. өзүлөрүнүн практика мезгилдеги иш-процесстери боюнча кеңири маалымат берип кетишти.  Айрым студенттер практикадагы методикалык көйгөйлөрдүн үстүндө иштеп келишкендигин жана ага карата сунуштарын белгилешти. Алардын ою боюнча айрым предметтердин методикасын өтүүнү тереңдетүүнү айтып өз ойлорун бөлүшүштү. Конференциянын жыйынтыгында кафедранын мүчөлөрү студенттерге ийгилик каалады дейт -доцент Ураимов К.М.

  • КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ