AVN







ТАБИГАТ МЕНЕН ТАТТУУ МАМИЛЕДЕ БОЛОЛУ!

ТАБИГАТ МЕНЕН ТАТТУУ МАМИЛЕДЕ  БОЛОЛУ!
 Mar 26, 2018  1201

    Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери “Таза жашоо” урааны алдында ишембилик уюштурду.  Мындай маалыматты ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгүл Доранова маалымдады.

    Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 1-марттан 31-майга чейин билим берүү уюмдарынын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча “таза жашоо” ураанын  алдында үч айлык жарыяланган. Үч айлыктын алкагында ар ишемби күндөрү ЖАМунун кызматкерлер жамааты жана студенттер ишембилик уюштурууда.

   Айлана чөйрө таза, ирээттүү жана өсүмдүктөр жашылданып турса дем алып жаткан аба таза болот. Таза аба менен дем алган жарандардын дени сак, жумушка жөндөмдүү болоору анык. Андыктан тазалыкка көңүл буруп, табигатка аяр мамиле жасоо менен дени сак мамлекет боло алабыз. Сергек жашоого, тазалыкка үндөө максатында  “Таза жашоо” ураанын алдында Жаштар комитети тарабынан флешмоб уюштурулду.