AVN







ЖАШТАР КУБОГУНА (YOUTH CUP) ПРЕ-ИНКУБАЦИЯ ПРОГРАММАСЫ АЧЫЛДЫ

ЖАШТАР КУБОГУНА (YOUTH CUP) ПРЕ-ИНКУБАЦИЯ ПРОГРАММАСЫ АЧЫЛДЫ
 Mar 15, 2023  438

Ош шаарында болуп өткөн Accelerate Prosperity (жеке өнүктүрүү программасы менен инвестициялык акселератор) акселерациялык программасы боюнча жолугушууга жана Жаштар Кубогуна (Youth Cup) Пре-Инкубация программасынын ачылышына Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун студенттери катышып келишти.                                                      

Иш чаранын жүрүшүндө Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун директорунун орун басары Төлөгөн Муктаров жана Accelerate Prosperity программасынын Акселерациялык Менеджери Айжан Алишерова сөзгө чыгып, студенттер арасында жаратман жана инновациялык мүмкүнчүлүктү ишке ашыруудагы кээ бир маселелерге токтолуп, ишкердик жүргүзүүгө жаштарды чакыруу менен бул багытта билим берүү, усулдук жана маалыматтык жактан жакындан жардам бериле тургандыгын белгилеп кетишти.                                                                                                        

Андан сырткары стартап-командаларга бизнестеги каталар, жаштар кубогуна кантип тапшырса болот жана тапшырууда кандай каталар кетирилет ошондой эле ишкер болуу үчүн жогорку окуу жайлардын таасири деген темаларда презентациялар көрсөтүлдү – деп билдирди Б.Н.Алымкулов.  

  • ЖАШТАР КУБОГУНА (YOUTH CUP) ПРЕ-ИНКУБАЦИЯ ПРОГРАММАСЫ АЧЫЛДЫ