AVN







ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ

ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ
 Mar 14, 2023  283

Жалал- Абад колледжинин  гуманитардык илимдер  ПЦКнын тарых окутуучусу А.Жороева  ЭСк-2-22 тайпасы менен биргеликте Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрга барып келишти. 

Бул иш-чара адам жана коом  дисциплина боюнча уюшулду.Мында студенттер театрдын түзүлүш тарыхы, 500 орундуу көрүү залы, тарыхый каармандардын кастюмдары,гримдөө,кастюм тигүү цехтери менен таанышышты.Маданият менен коом бири-бири менен тыгыз байланышта болоорун, маданият жана коом тынымсыз, туруктуу карым-катнашта өз ара бирге аракеттенишин, коом маданияттын өнүгүшүнүн продуктусу, аны жаратуучусу жана кыймылдаткыч күч экенин билишти. Студенттердин айтымында бул сабак алар үчүн продуктивдүү болду.

  • ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ