AVN







БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
 Mar 14, 2023  345

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика -юридикалык колледжинде 2023 -жылдын 10 – мартында  бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуу экономика ПЦКсынын мугалими А.К. Калмурзаеванын  жетекчилиги алдында уюштурулуп, ага  ПЦК башчы  Н.Т. Тукуева, Э.Э. Кадырова, Т. Ташбекова жана колледждин 1 курсунун студенттери катышты.

Жолугушууда аталган ПЦКнын башчысы  Н.Т. Тукуева сөз сүйлөп, “Каржы адистигин бүтүргөн бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын төрт бурчунда үзүрлүү эмгектенип жаткандыгына токтолуп, окуп жаткан студенттер да  турмушта өз ордун таап, кесипкөй адис катары, алган билимдерин  ийгиликтүү колдонгон мыкты адистердин катарында болот деп ишенем” – деген оюн белгиледи.

Жолугушууга келген 2014 – жылы каржы адистигин бүтүргөн бүтүрүүчүбүз, убагында сатык кассанын жетекчисине чейин көтөрүлгөн, азыркы учурда Жалал-Абад шаарынын Халык банкында башкы  кассир – инкассатор болуп эмгектенип жаткан Бактыбек уулу Дамирбек, өз кезегинде туура окуу жайды тандап , татыктуу билимге ээ болгондугун айтып, жалпы жамаатка ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле  учурда кызматка орношуу үчүн талаптар, кыйынчылыктар, аларды жеңип өтүү жолдору боюнча адис катары кеңешин берди.

 Андан кийин ушул эле адистикти 2017 – жылдын бүтүрүүчүсү, учурда Кочкор – Ата шаарында KICB  банкында жетектөөчү кассир болуп эмгектенип жаткан Жолдошова Мээрим сөз сүйлөп, өзүнүн эмгек тажрыйбасы, жетишкендиктери менен бөлүшүп кетти. Мындан сырткары жумушта болгон кемчиликтерди оңдоо боюнча кеңешин айтып өттү. Жолугушуунун эң эле жаш адиси, 2020 – жылдын ушул эле  адистигинин бүтүрүүчүсү  учурда Дос Кредо банкынын Карта боюнча тейлөө бөлүмүндө эмгектенип жаткан Сайпидин кызы Мээрим да өзүнүнүн жумушка орношуу боюнча кеңешин айтып, студенттерге өзүнүн жумушка орношуп калышына практика өтөөнүн түздөн-түз катышы бар экендигин белгилеп, практика өтөө учурунда өзүнүн жакшы жактарын көрсөтүп, жетекчилик тарабынан берилген тапшырмаларды так, өз убагында аткарууну белгилеп өттү.  Жолугушууда аталган колледждин  студенттери суроолорду беришип жагымдуу пикир алышуу болуп, кызыктуу суроолорго жооп ала алышты. Пикирлешүүнүн жүрүшүндө кесипке кызыктыруу, багыт берүү маселелери камтылды. ПЦКнын окутуучусу Э.Э. Кадырова сөз сүйлөп  “Ошол учурдагы студенттер менен азыркы учурдагы студенттердин өз кесиптерине, сабактарга болгон  кызыгууларында чоң айырма бар экендигин, ошол учурдагы студенттер арасында билимге болгон көз караш өзгөчө болгондугун, ушул жолугушуу студенттерге шык берүүчү мотивация болуп калуусун” -  белгилеп кетти. Бүтүрүүчүлөр менен байланыш бул жолугушуу менен токтоп калбай кийинки жылдары улана бере тургандыгын жолугушуунун уюштуруучусу А.К. Калмурзаева белгилеп, колледждин атынан даярдалган белектерди бүтүрүүчүлөргө тартуулашты. Бүтүрүүчүлөр тарабынан колледждин  ишине ийгиликтерди каалап, жылуу маанайда жүргүзүлгөн баарлашуу, тозуп алганды үчүн терең ыразычылыктарын билдирип кетишти.

  • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ