AVN







БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫ

БАШКАРУУ  ПРАКТИКАСЫ
 Mar 14, 2023  421

  • багыты боюнча даярдалып жаткан магистранттарды башкаруу практикасына жөнөтүү үчүн уюштуруу конференциясы өткөрүлдү. Бул иш чараны педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор С.С.Сакиева ачып, магистранттарга практикадагы ийгиликтерди каалады. Башкаруу практикасы жөнүндө маалыматты кафедранын доценти Ураимов К.М. жана улук окутуучу А.Э.Төрөбековалар айтып өтүштү. Башкаруу практикасынын максаты - билим берүү мекемесинин ишин, анын негизги уюштуруучулук, билим берүүнү уюштуруу жолун изилдөө, теориялык билимдин спецификасын тереңдетүү жана билим берүүдөгү маселелерди чечүүдө практикалык көндүмдөргө ээ болуу, анын түзүмдүк бөлүмдөрү, окуу жайдын билим берүү кызматтарынын ишинин мазмуну менен таанышуу керек экендиги тааныштырылды. Башкаруу практикасында магистранттар учурдагы заманбап билим берүү мекемесинин жүргүзгөн иш-аракеттерин, мектеп жетекчисинин жүргүзгөн жумуштарын, педагогикалык ишмердүүлүгүн талдоо менен билим берүү мекемесинин окуу көрсөткүчтөрүн анализдөө, окутуу технологияларына байкоо жүргүзүү, алардын жалпылоо, практикадагы илимий иштерди жүргүзүүнүн методикасы боюнча маалымат берилди. Ошондой эле башкаруу практикасы боюнча отчеттун формасы сунушталды.

Андан сон ар бир магистранттардын методисттери, бөлүнгөн мектептери жөнүндөгү маалымат менен кафедра башчысы С.С.Сакиева тааныштырды. Практиканын жетекчилери: п.и.к., БББТМ кафедрасынын доценти, п.и.к., доцент К.М. Ураимов, п.и.к., доцент Р.С. Нусупова, улук окутуучу А.Э. Төрөбековалар сөз сүйлөштү. Магистранттарга аталган багыттагы практиканын максаты, милдеттери, практика учурунда аткара турган иштери боюнча кошумча маалыматтарды айтып өтүштү.

Башкаруу практикасын өтүп жаткан учурда магистранттын илимий изилдөө ишин жүргүзүүнүн жолдору талкууланды. Илимий иштердин иш пландары да талкууланды. Магистранттардын суроолоруна методисттер жооп беришип, аларга практикадагы ийгиликтерди каалашты.

  • БАШКАРУУ  ПРАКТИКАСЫ
  • БАШКАРУУ  ПРАКТИКАСЫ