AVN







ИШЕМБИЛИК

ИШЕМБИЛИК
 Mar 14, 2023  253

Ар жылы сатка айланып келген айлана-чөйрөнү таштандылардан тазалап, көркөндүрүү үчүн 3 айлык ишембилик жарыяланат. Бул жылы да 1-марттан 1-июнга чейин жарыяланып, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эмгек жамааты студенттер менен биргеликте айлананы таштандылардан тазалоодо.

 “ЖАМУнун имараттарынын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу” максатында  массалык ишембилик  кызуу уюштурулуп, факультеттерге, колледждерге аянттар бөлүнүп берилген.

Экономика-юридикалык колледжине  Токтогул көчөсүн  жана  аллеяны  күзгү жалбырактардан  тазалоо тапшырмасы берилген.  Ишембиликти экономика-юридикалык колледжинин  директору А. Карбекова өзү баштап, кызматкерлер   менен биргеликте студенттер да  жапырт катышып,  окуу жайдын  аймагын иретке келтирүү иштери жүргүзүлдү – дейт аталган колледжден.

  • ИШЕМБИЛИК
  • ИШЕМБИЛИК
  • ИШЕМБИЛИК
  • ИШЕМБИЛИК
  • ИШЕМБИЛИК