AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ

АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ
 Mar 14, 2023  259

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин БАС кафедрасынын  жалпы студенттеринин ата-энелеринин чогулушу ЖАМУнун чоң жыйындар залында болду.

Чогулушка  Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин деканы Шамшиев Расул Кенешович катышып, университет, факультет тууралуу маалыматтарды берип, ата-энелер чогулушун ачып берди. БАС кафедрасынын  башчысы доцент Ажыкулов Сапар Мажитович студенттердин окуудагы жетишкендиктери,   кафедранын алдынкы пландары, адистиктин жумушка орношуу маселелерине, бүгүнкү күндө IT тармагынын орду, студенттердин келечеги, окуу акысы,  стипендия, тартип жөнүндө маселелерге токтолду. Тандоо курстагы сабактар студенттердин тандоосуна ылайык өтүлөөрүн белгиледи.  

Андан соң ата-энелерден “ата-энелер пикири” аталган берилип жаткан билим тарбиянын сапатын аныктоо максатында анкета толтурулду. Лабораториялар, аудиториялар тааныштырылып, илимий лаборатория класста студенттердин колу менен жасалып жаткан 3D принтерден чыккан буюмдар көрсөтүлдү. Кураторлор тарабынан ата-энелерге ар бир студенттин окуудагы рейтинги айтылды. Андан сырткары окуу имараттары, библиотека, стартап ж.б. көрсөтүлүп жолугушуу жыйынтыкталды.

  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ