AVN







АЛДЫНКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

АЛДЫНКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
 Mar 14, 2023  216

Жалал-Абад колледжинин автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсы менен энергетика ПЦКсында мамлекеттик Туу күнүнө карата “Кыргызстандын символикаларын билесиңби?” деген аталышта таймаш өттү. Таймашта эки адистикте окуган студенттер беттешишти. Иш-чараны кураторлор А.К.Сатимбаева, Г.Ж.Алимбаевалар уюштурушту.Иш-чаранын максаты:жаштарды патриоттуулукка үндөп, желегибизди ар тараптан дүйнө жүзүнө желбиретүүгө тарбиялоо.

Алгач Кыргыз Республикасынын Гимни коюлуп, эгемен мамлекеттин өз алдынчалыгын далилдеген негизги белгилер: мамлекеттик Туу, Герб жана Гимн жөнүндө презентация коюлду, Андан соң түрдүү деңгээлдеги тапшырмалар берилди.

Жыйынтыктоо үчүн Kahoot платформасы боюнча суроолор берилип, тайпалар ат салышты. Тесттерге студенттер кызыгуу менен жооп беришип өздөрүнңн активдүүлүгүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында 2 тайпа тең активдүү катышып, достук жеңишине ээ болушту.

Иш-чарага Жалал-Абад колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Аззам у.Гайназар жана  тайпалардын  кураторлору катышышты.

  • АЛДЫНКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ