AVN







ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫК-КӨП БАГЫТТУУ ИЙГИЛИКТЕРДИН БАШАТЫ

ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫК-КӨП БАГЫТТУУ ИЙГИЛИКТЕРДИН БАШАТЫ
 Mar 14, 2023  210

Иш берүүчүлөр менен болгон байланыш такай жүргүзүлүп келет. Бул күнү да Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучулук-профессордук курамы НББПсын талкуулоо жана проферентация иштерин жүргүзүү максатында Базар-Коргон районундагы мектептерде иш берүүчүлөр, мугалимдер, студент-практиканттар менен кезектеги жолугушууларды өткөрүштү. Бул жолку жолугушууда райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жалилов Сыргак, методист Абдираимова Сабира жана директорлор менен кызуу талкуу болду. Талкуу №30 Ө.Атабекова атындагы инновациялык метепте өттү. Талкуунун жүрүшүндө профессор Сакиева С.С. доценттер Ураимов К., Найманбаев М. жана улук окутуучулар Төрөбекова Э, Осмоналиева С. тарабынан атайын даярдалган НББПсы жана Билим берүү стандарты, окуу планы, программасы, КТПлардын бири-бири менен байланыш структуралары, бүтүрүүчүлөрдүн модели боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Мектептерден келген директорлор, окуу бөлүмүнүн башчылары, бүтүрүүчүлөр НББПсы жана мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча айрым сунуштарын айтып кетишти. Анда белгиленгендей айрым предметтердин интеграцияланышы, айрымдарынын дифференцияланышы кайчы пикирлерди жаратып жатканын, мугалимдер үчүн стандартты талдоого карата атайын курстарды уюштуруу зарылдыгын белгилешти. Жыйынтыгында иш берүүчүлөрдүн ойлору жетекчиликке алынып, айрым өзөртүүлөрдү киргизүү сунушталды. НББПсы боюнча жеке ойлорун билдиришти, анда белгиленгендей бүгүнкү күн талабына ылайык окуучулардын эле эмес мугалимдердин да компетенциясын өнүктүрүү зарылдыгы айтылды -дейт доцент Ураимов К.М.