AVN







ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
 Mar 14, 2023  302

Табигый-техникалык факультетинин табигый -илимий билим берүү кафедрасынын профессордук- окутуучулар жамааты тарабынан уюштурулган  иш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Алымкулов Замир, Жалал-Абад шаарындагы Курманбек Баатыр атындагы балдар лицейинин директорунун окуу иштери боюнча орун басары Маматкулов Эркин, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы № 21 Ташиев атындагы орто мектебинин директору Токторбаева Шайыргүл, Кара – Алма айылындагы Багыш атындагы негизги мектебинин директору Мусабаева Оксана, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы Турганбаева Саадат, № 6 орто билим берүү мектебинин директору Саттарова Багдагүл, Жалал-Абад шаарындагы Б.Осмонов атындагы №5- гимназия мектебинин география мугалими  Кошматова Айнура, Р.Санатбаев атындагы №9 инновациялык гимназия мектебинин химия мугалими  Токтогулова Гулзина, Р.Азимов атындагы №13 –мектептин химия мугалими Кутлугбека Абдухалиловалар  катышышты. Жалпы 15 иш берүүчү катышты.

Жолугушууда чыгып сүйлөгөн Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы Турганбаева Саадат  шаардагы мектептерге  орус тилдүү биология, химия, география мугалимдеринин жетишсиздигине токтолуп, орус тилдүү группаларды ачуу сунушун билдирди.

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек Баатыр атындагы балдар лицейинин директорунун окуу иштери боюнча орун басары Маматкулов Эркин лицей мектебинде окутуу 4 тилде жүргүзүлөрүн, тактап айтканда химия, математика, физика, информатика англис тилинде окутуларын, англис тилин жакшы билген бүтүрүүчүлөрдү жогорудагы предметтерди окута ала тургандыгын айтып өттү. Э.Маматкулов өз сөзүндө ЖАМУнун химия адистигинин бүтүрүүчүлөрү: Шамшиева Зулайка, Асанова Согдиана, Асель Мусаевалар түрк лицейинде англис тилинде химия предметин окутуп жаткандыгына токтолду. Ошону менен бирге эле орус тилдүү география мугалими жетишпей жаткандыгына токтолду жана орус тилдүү группаларды ачуу сунушун билдирди.

Жолугушууда жаңы стандартка ылайык бакалавр багытындагы окуу планы, Негизги билим берүү программасы, бүтүрүүчүнүн модели талкууланып, иш берүүчүлөр тарабынан пикир, сунуштар айтылып, ыраазычылыктарын билдиришти. Жолугушуунун аягында табигый-техникалык факультетинин деканы Ж. Б. Шамиев жана табигый-илимий билим берүү кафедрасынын башчысы Н.Б. Арстанбекова тарабынан иш берүүчүлөргө “Ыраазычылык каты” тапшырылды деп маалымдады улук окутуучу А.С. Болотова.

  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ