AVN







ТАРБИЯЛЫК СААТ

ТАРБИЯЛЫК  СААТ
 Mar 13, 2023  315

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад  мамлекеттик университетинин Жалал-Абад  колледжинде  БАСк-4-22  тайпасынын студенттери  куратору  У.А.Абдрашеванын жетекчилиги менен  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнүнө  жана  Ак калпак күнүнө карата тарбиялык  саат өткөрүштү. Тарбиялык сааттын жүрүшүндө студенттер эгемендүү   мамлекеттин өз алдынчалыгын далилдеген негизги белгилери: мамлекеттик Туу, Герб жана Гимндин тарыхы тууралуу  маалыматтарды айтып Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун жаралыш тарыхы, мааниси тууралуу терен түшүнүктөргө ээ болушту. Андан сон  улуттук баш кийимибиз Ак калпак тууралуу ырларды айтышып слайддардын жардамында  кыргыз калпагынын ар бир түсү , ар бир оюусунун терен маанисин айтып пайдалуулугун, баалуулугун даңазалашты. Жыйынтыгында студенттердин  касиеттүү мамлекеттик туубуздун, эне тилибиздин уюткусу, көрөнгөсү болгон ак калпактуу элибиз жашап турганда кыргыз туусу, кыргыз тили эч качан жоголбосуна ишеними артып патриоттуулук сезимдери жанданды.

  • ТАРБИЯЛЫК  СААТ
  • ТАРБИЯЛЫК  СААТ