AVN







ДЕНИ САК ЖАШТАР-ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

ДЕНИ САК ЖАШТАР-ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ
 Mar 13, 2023  272

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети

экономика-юридикалык колледжинин тарбия иштер жетекчилиги жана аялдар кенеши тарабынан  дарыгерлер менен жолугушуу өткөрүлдү.

     Иш чараны экономика-юридикалык колледждин директору э.и.д., профессору Карбекова А.Б. ачып,  директор дарыгерлерлердин түйшүктүү эмгектерин баалап, ар кандай жугуштуу ооруларды алдын алуу жана күрөшүү боюнча студенттерге кенен  маалымат берип кетүүсүн өз сөзүндө баса белгиледи.

ЭЮКтун  Аялдар кенешинин жетекчиси Г.Б.Бекиева жана тарбия иштери жетекчиси Э.Э. Кадырова  дарыгерлер менен жолугушууну студенттер үчүн атайын уюштуруп жатышканын, анткени ар кандай оорулар кулачын жайып, жаштардын арасында да түрдүү илдеттер күч алганын айтып өттү.

  Жолугушууну өткөрүүнүн максаты азыркы учурда коркунучтуу илдеттердин саны көбөйүүдө,  ар кандай жугуштуу оорулар менен күрөшүү  жана аларды   алдын алуу. Жолугушууга Жалал-Абад  областык амбулатордук-диагностикалык бөлүмдүн жетекчиси Топчубаева Зарина Топчубаевна, 4- кургак учук  бөлүмүнүн жетекчиси  Осмонова  Жумагүл  Худайбердиевна, Добулбекова Айгүл келишти.

Бул жолугушууга экономика-юридикалык колледжинин 1-2-курстары катышышты. Дарыгерлер  өздөрү иштеп жаткан туберкулездук диспансер боюнча маалымат беришти.  Андан сон Кыргызстан боюнча күч алып жаткан кургак учук жана геппатит B, C жугуштуу ооруулар боюнча маалымат берип жана ал илдеттерден сактануунун жолдорун түшүндүрүп беришти. Дарыгерлер студенттерге жалпы  тазалык-гигиенаны сактооонун эрежелери боюнча да маалымат берип кетишти. Жолугушуу сонунда студенттер ден-соолуктары боюнча  суроолорду беришип жана аларга жооп алышты. Бул жолугушууда кыздарга атайын көнүл бурулуп, болочок эне боло турган кыздарга  ден-соолуктарын жакшы карап жүрүүгө кенештерин беришти.

  • ДЕНИ САК ЖАШТАР-ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ
  • ДЕНИ САК ЖАШТАР-ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ