AVN







АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНУН СТУДЕНТТЕРИ ПРАКТИКАДА

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНУН СТУДЕНТТЕРИ ПРАКТИКАДА
 Mar 13, 2023  194

Жалал-Абад колледжинин ӨКК жана АТТТжО ПЦКнын автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оӊдоо адистигинин студенттери 6 жумалык өндүрүштүк практикаларын өтөп жатышат. Алар техникалык тейлөө станцияларында сакталууга тийиш болгон негизги коопсуздук эрежелери боюнча окуудан өтүштү.Анда студент- практиканттар мастер же жумуш жетекчиси уруксат берген ишти аткаруу, жумушта түшүнүксүз болгон учурда тактоо үчүн устага же жумуш жетекчисине кайрылуу , ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоо, жумуш ордунда коопсуздук жана ден соолук боюнча нускаманын талаптарын сактоо,автоунаа оңдоочу жайдагы коопсуздук кызматкерлери иштеп жатканда жаракат алуунун алдын алууларын үйрөнүштү.

       Студент-практиканттар Айти жабык акционердик коомунда, Осмонов Раззак жеке ишканасында жана Жалал-Абад шаарындагы ДЭУ-52 ишканаларында практикаларын өтөп жатышат.Алар чоӊ тажрыйбалуу устаттардын көзөмөлүндө болуп,практиканы өтөөдөгү жол картасы боюнча практика жетекчилердин көзөмөлүндө жана текшерүүсүндө болушат. Студенттер практикаларын өтөгөндөн кийин практикалык конференцияда жасаган жумуштары боюнча фото отчеттор, слайддар менен презентация кылышат. Студенттердин практика учурунда жасаган жумуштары баалоо критерийлердин негизинде бааланат.

  • АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНУН СТУДЕНТТЕРИ ПРАКТИКАДА