AVN







СОЦИАЛДЫК АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮН БИР АЙЛЫГЫ ӨТҮҮДӨ

СОЦИАЛДЫК АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮН БИР АЙЛЫГЫ ӨТҮҮДӨ
 Mar 13, 2023  195

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун окутуучулары Жалал-Абад шаарынын тургундары М.Х.Галиевага жана Т.Акимовга жардам беришти.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2023-жылдын 17-февралында келген №39-б “Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгын өткөрүү жөнүндөгү” буйругуна ылайык, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин профессордук-окутуучулук курамынын жалпы жамаатынын атынан тарых кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Анарбаева Гулнора Абдуманоповна, жогорку математика жана математиканын окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Аширкан Ураимхалилова жана дене-тарбия жана спорт кафедрасынын доценти Тиленчиев Юлдашбай Рашитовичтер Жалал-Абад шаарында 20-фералынан 20-мартына чейин бир айлыгынын алкагында социалдык адилетүүлүктүн төмөндөгү тизмедеги жалгыз бой улгайган жарандарга 4000 (төрт миң) сомдон ашуун акчалай каражатка тамак аш азыктарын жеткиришип, колдоо көрсөтүп келишишти.  

Бул жарандар университеттин жетекчилигине жана барган агай эжекелерге терең ыраазычылык билдирип ак батасын беришти.

  • СОЦИАЛДЫК АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮН БИР АЙЛЫГЫ ӨТҮҮДӨ
  • СОЦИАЛДЫК АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮН БИР АЙЛЫГЫ ӨТҮҮДӨ
  • СОЦИАЛДЫК АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮН БИР АЙЛЫГЫ ӨТҮҮДӨ
  • СОЦИАЛДЫК АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮН БИР АЙЛЫГЫ ӨТҮҮДӨ
  • СОЦИАЛДЫК АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮН БИР АЙЛЫГЫ ӨТҮҮДӨ