AVN







БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АКЧА ЖУМАЛЫГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АКЧА ЖУМАЛЫГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
 Mar 26, 2018  788

    ЖАМУнун  Экономикалык - юридикалык  факультетинин «Финансы жана кредит» кафедрасынын окутуучулары  Н.Мусакулов, Н.Ражабалиева жана ФКк-1-14,  ФКк-1-16 тайпаларынын студенттери 20-мартта ААК «Дос-Кредобанкта»  Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгына карата өткөрүлгөн иш чарага катышышты.  Мындай маалыматты кафедра башчысы Азиза Карбекова билдирди.

     Иш чарада жогорудагы банктын жетекчилиги жана кызматкерлери  студенттерге финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, акчаларды туура пайдалануу туурасында кеңири маалыматтарды беришти.

    Ал эми аталган кафедранын ФКк-1-16 тайпасынын студенти Наргиза Махамаджанова  «GLOBAL MONEY WEEK-2018»  жумалыгынын негизинде эссе жазуу боюнча конкурска катышып,  жеңүүчү аталды. Ага      Ош шаарында ААК «Кыргызстан Халык банкында»  практиканы акысыз өтүүгө  жолдомо тапшырылып, сертификаттын ээси болду. 

   Мындай жетишкендиктер, банк кызматкерлери менен баарлашуу  студенттердин болочоктогу кесибине  болгон кызыгуусун арттырууда чоң салымын кошот дейт. А. Карбекова.

  • БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АКЧА ЖУМАЛЫГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АКЧА ЖУМАЛЫГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ