Алдынкы тажрыба борборунда чет тили ПЦКсында “Англис тилинин бир айлык жүрүшү” улантылып жатат. Чет тили адистигинде окуган студенттер арасында ярмарка жана ыр бий фестивалы уюштурулду. Ярмаркада Америка, Британия элдеринин улуттук тамак - ашын тааныштыруу максатында, үйдө жасалган шириндиктер, торт, блинчиктер, панкейктер сатылды.
Ал эми ыр бий фестивалында студенттер англис тилинде ыр ырдап, чет мамлекеттердин бийлерин бийлеп жарышышты.
Бул иш-чаралардын максаты студенттер менен окутуучулардын ортосундагы байланышты бекемдөө жана бир гана англис тилинде сүйлөшүп дүйнөлүк тилди даңазалоо менен бирге кызыктуу диалогдорду, сүйлөшүүлөрдү англис тилинде алып баруу.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай саамалык ар жылы окуу жайда уюштурулат. Иш - чаранын максаты студенттерди Америка, Британия элдеринин каада салты менен бирге эле улуттук тамак - ашын тааныштыруу жана студенттердин англис тилине болгон кызыгусун арттыруу.