AVN







ЭЛ ЗАЛКАРЫН УНУТПАЙТ

ЭЛ ЗАЛКАРЫН УНУТПАЙТ
 Mar 13, 2023  211

Медициналык колледждин студенттерине Кыргызстандын тунгуч премьер-министри Насридин Исановдун 80 жылдыгына карата “Эл залкарын унутпайт” деген темада  куратордук сааттар өтүлдү.

Куратордук сааттарда Кыргызстандын тунгуч премьер-министри Насридин Исановдун өмүр таржымалына, эмгек жолуна, ийгиликтерине кеңири токтолуп, студенттер арасында кызуу пикир алмашуулар болду. Насридин Исанов элинин мекенчил уулу болгонун тарых далилдеген фактылардын айланасында талкуу жүрдү. Кыргызстандын тунгуч премьер-министри раматылык Насирдин Исанов өлкөнүн тарыхында эмгеги сиңген мамлекеттик ишмер экендигин баяндамачылар баса белгилешти. Ал мыкты мамлкеттик ишмер гана болуп калбастан үй-бүлөсүндө мыкты ата экендигин белгилеп кетишти. 

Н.Исановго улуу адамдарга тиешелүү болгон зор касиеттер тиешелүү болгондугу, анын жогорку маданияттуулугу, билим денгээлинин бийик болушу, кичи пейилдиги, калыстыгы, адамгерчилиги, алыс-жакынга бирдей мамиле жасагандыгы, кристалдай тазалыгы, кең пейилдиги, ыймандуулугу жаштардын жүрөгүндө калды. Ушул сапаттары менен элибиздин эсинде түбөлүккө калат деген ойлорун билдиришти.

  • ЭЛ ЗАЛКАРЫН УНУТПАЙТ
  • ЭЛ ЗАЛКАРЫН УНУТПАЙТ
  • ЭЛ ЗАЛКАРЫН УНУТПАЙТ
  • ЭЛ ЗАЛКАРЫН УНУТПАЙТ
  • ЭЛ ЗАЛКАРЫН УНУТПАЙТ