AVN







ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
 Mar 13, 2023  198

      Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин БАС кафедрасынын ИЭТ-1-20 тайпасынын өндүрүштүк практика боюнча жыйынтыктоо конференциясы болду. БАС кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы жана карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Жолдошалиева Нурия жана адиси Паязова Жыпара катышышты.

        Студенттер практика учурунда жол картасы менен даярдалган отчетторун коргошту. Ошондой эле практика учурунда тиешелүү мекемелерде студент-практикант жана практика жетекчилери курамы тарабынан белгиленген жетишкендиктер жана кемчилдиктер айтылып, карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмү менен биргеликте иштөөнү сунушташты.