AVN

АЯЛЗАТТЫ СЫЙЛООНУН ЖАНА СЫЙГА ТАТЫКТУУ БОЛУУНУН НАРКЫ

АЯЛЗАТТЫ СЫЙЛООНУН ЖАНА СЫЙГА ТАТЫКТУУ БОЛУУНУН НАРКЫ
 Mar 10, 2023  353

2021-2026-жылдардагы Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча 2022-2027-жылдарда улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жарлыгынын алкагында Б.Осмонов атындагы филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТк-2-22, ЧТк-3-22 тайпаларынын кураторлору Г.А.Орозбаева жана Г.Ч.Алымкулова тарабынан “Аялзатты сыйлоонун жана сыйга татыктуу болуунун наркы” деген аталышта ачык куратордук тарбиялык саат өтүштү.

Студенттер тарабынан аялзатты сыйлоонун жана сыйга татыктуу болуунун наркы жөнүндө баяндамалар окулуп, кыргыз элинин улуттук баалуулуктары ар бир улуттун, элдин туу туткан,  эненин сүтү, бешиктеги ыры, атанын кеби, нарктуу санжыралары менен укумдан- тукумга, атадан балага сакталып, өтүп келгенин, кыргыз элинде аялзаты ар дайым урматталып, үй-бүлөдө жана коомдо татыктуу орун ээлеп келгенин белгилешти. Аларга эне, жубай катары ар дайым аяр мамиле жасалып, сый-урмат көргөзүлгөнүн билдиришип, видео-слайддар көрсөтүлүп, аялзатына арналган ыр саптар айтылды.

Ал эми ЧТк-2-22 тайпасы тарабынан тарбиялык саатка катышкан окутуучулар, студенттер үчүн концерттик программа тартууланып, окутуучулар арасында кызыктуу оюндар уюштурулду жана  кафедранын окутуучуларына арналган ыр саптар окулуп,  үй-бүлө очогунун сактоочулары болгон апаларга бизге өмүр бергени үчүн терең таазим кылып, аялзатынын талыкпас эмгегине, чыдамкайлыгына чын жүрөктөн ыраазычылык сөздөрүн билдиришти.  

  • АЯЛЗАТТЫ СЫЙЛООНУН ЖАНА СЫЙГА ТАТЫКТУУ БОЛУУНУН НАРКЫ