AVN







ЖАМУНУН СТУДЕНТИ КЫРГЫЗСТАНДЫН КУРАМА КОМАНДАСЫНДА

ЖАМУНУН СТУДЕНТИ КЫРГЫЗСТАНДЫН КУРАМА КОМАНДАСЫНДА
 Mar 9, 2023  241

 Бишкек шаарында Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда   2005-2006-жылдарда төрөлгөн улан-кыздар арасында бокс боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун колледжинин дене тарбия мугалими, машыктыруучусу  Ж.А., Мамасалиевдин жетекчилиги алдында   экономика – юридикалык колледжинин УТк-2-21 тайпасынын студенти А.С.Чойбекова катышып келгендигин билдирди.

  Маалыматка ылайык, Чойбекова Айгерим  ушул убакка чейин  Ж.А., Мамасалиевдин жетекчилиги алдында окуу машыгууларды өткөрүп,  Жалал – Абад областы боюнча өткөрүлгөн турнирде биринчи орунду ээлеп,  Кыргыз Республикасынын чемпионаттыгына  тандалып жөнөтүлгөн.

  Республикалык чемпионатта Кыргызстандын булуң-бурчунан келген жаштар күч сынашып, бир жумага созулган таймашта Чойбекова Айгерим өзү теңдүү 9 атаандашынын  ичинен  суурулуп чыгып, эки атаандашын утуп, бир атаандашынан жарым финалда жеңилип, Республикалык чемпионатта байгелүү 3- орунду ээлегендиктен  Кыргызстандын курама командасынын составына  кошулуп, өлкөнүн намысын коргоо үчүн мелдешке даярданып жаткан учуру деп машыктыруучусу  Жыргал Мамасалиев билдирди.

Биздин окуу жайдын атын чыгарган кызыбызга жана машыктыруучубузга ийгиликтерди каалайбыз.

  • ЖАМУНУН СТУДЕНТИ КЫРГЫЗСТАНДЫН КУРАМА КОМАНДАСЫНДА
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТИ КЫРГЫЗСТАНДЫН КУРАМА КОМАНДАСЫНДА
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТИ КЫРГЫЗСТАНДЫН КУРАМА КОМАНДАСЫНДА