AVN







ЭКОНОМИКАЛЫК-ЮРИДИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ МЫКТЫЛАР АНЫКТАЛДЫ

ЭКОНОМИКАЛЫК-ЮРИДИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ МЫКТЫЛАР  АНЫКТАЛДЫ
 Mar 26, 2018  949

ЖАМУнун Экономикалык-юридикалык факультетинде  окуу жайдын түптөлгөнүнүн  95-жылдыгына карата, профессордук-окутуучулук  курамынын арасында  өткөрүлүүчү  “Мыктылар” номинациялары боюнча жеңүүчүлөрүн жана предметтер аралык олимпиадага активдүү катышкан студенттерди сыйлоо аземи  23-мартта  болуп өттү. Бул тууралуу факультеттин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Эмил Төлөнов билдирди.

    Анын айтымында  “Мыкты профессор”,  “Мыкты доцент”, “Мыкты ага октуучу”, “Мыкты окутуучу”, “Мыкты илимий монография”, “Мыкты илимий макала”, “Мыкты окуу-усулдук  комплекс”, “Мыкты лаборатория”, “Мыкты ийрим” номинациялары боюнча сынак  жарыяланып, анын жыйынтыгы менен томөнкүлөр сыйланган:

 “Мыкты профессор”- э.и.д., профессор А.Зулпукаров, “Мыкты доцент”- э.и.к., доцент Э.Төлөнов, “Мыкты ага окутуучу”- Г.Абдрахманова, “Мыкты окутуучу”- Н.Ражабалиева, “Мыкты илимий монография”- э.и.к., доцент Э.Төлөнов,“Мыкты илимий макала”, “Мыкты окуу курал”- э.и.д.,профессор А.Аскарова,  “Мыкты окуу-усулдук комплекс”- э.и.к., профессордун м.а. Б.Турдубеков, “Мыкты лаборатория”- ю.и.к., доцент Н.Арзиев, “Мыкты ийрим”- номинациясына э.и.к., доцент Д.Жолболдуева ээ болушту.

 Ал эми  предметтер аралык олимпиадага катышкан студенттердин жеңүүчүлөрүн жана сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине  ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору т.и.д., профессор А.Алибаев, ЖАМУнун окумуштуу катчысы п.и.к., доцент Р.Нусупова, ЭЮФтин окуу бөлүмдөгү куратору А. Мирзахмедова катышып, тиешелүү даражадагы дипломдорду жана ардак грамоталарды тапшырышты.

Олимпиаданын жеңүүчүстуденттери Ош шаарында өтүлүүчү регионалдык жогорку окуу жайлар аралык олимпиадага каышаары күтүлүүдө.

  • ЭКОНОМИКАЛЫК-ЮРИДИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ МЫКТЫЛАР  АНЫКТАЛДЫ
  • ЭКОНОМИКАЛЫК-ЮРИДИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ МЫКТЫЛАР  АНЫКТАЛДЫ
  • ЭКОНОМИКАЛЫК-ЮРИДИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ МЫКТЫЛАР  АНЫКТАЛДЫ
  • ЭКОНОМИКАЛЫК-ЮРИДИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ МЫКТЫЛАР  АНЫКТАЛДЫ
  • ЭКОНОМИКАЛЫК-ЮРИДИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ МЫКТЫЛАР  АНЫКТАЛДЫ