AVN







МЫКТЫ ДОЦЕНТ

МЫКТЫ ДОЦЕНТ
 Mar 9, 2023  213

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун түптөлгөнүнүн 100 жылдыгына карата университеттеги билим берүү процессинин сапатын тереңдетүү, профессордук-окутуучулар курамынын ишмердигинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана педагогикалык ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу максатында ЖАМУнун профессордук-окутуучулар курамынын арасында өткөрүлүүчү “Мыкты доцент” номинациясынын сынагына экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын доц м.а., э.и.к. Мамыралиева Айнагүл Тураматовна катышкандыгын кафедра башчысы билдирди.

         А.Т. Мамыралиева сынактын жобосуна ылайык 2023 – жылдын 28 – февралында ФК-1-19 тайпасына “Финансы – кредиттик мекемелерде персоналды башкаруу” предметинен “Персоналды башкаруунун методдору” - деген темада лекциялык ачык сабак өттү. Сабак заманбап жабдыктар, видеоматериалдар, презентациялар жана тестирлөө бланкасын пайдалануу менен жогорку деңгээлде өтүлүп, сабак өз максаттарына жетти - деп билдирди кафедра башчысы Төлөнов Эмил Нажимидинович.

  • МЫКТЫ ДОЦЕНТ
  • МЫКТЫ ДОЦЕНТ
  • МЫКТЫ ДОЦЕНТ
  • МЫКТЫ ДОЦЕНТ
  • МЫКТЫ ДОЦЕНТ
  • МЫКТЫ ДОЦЕНТ