Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледждинин директору, б.и.к., доцент Эгембердиева Алтынай Дуйшоевна 2.03.23-4.03.23 чейин Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы КМУнун география, экология жана туризм факультетинин экология жана жаратылышты пайдалануу адистигинин студенттерине “Булгануу жана текшерүүнүн методдору” дисциплинасы боюнча конок-лекция өтүп келди.
Конок-лекция өтүүдө окутуунун активдүү усулдарын пайдалануу менен студенттердин лекцияга болгон кызыгуусун арттырды. Адистиктин студенттери жана окутуучулары өтүлгөн лекция боюнча жакшы ой-пикирлерин айтышты. Факультеттин администрациясы мындан ары Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун факультеттери менен тыгыз байланышта мобилдүүлүк боюнча иш алып барууга даяр экендигин билдиришти. Б.и.к., доцент А.Д.Эгембердиевага кызыктуу конок-лекция өтүп бергендиги үчүн И.Арабаев атындагы КМУнун ыраазычылык каты жана сертификаты берилди.