AVN







КУТТУКТОО!!!

КУТТУКТОО!!!
 Mar 7, 2023  369

      Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик  университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кенешбек Жумабекович 8-март айымдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

     “Урматтуу жаздын жарчысы болгон айымдар, Сиздерди 8-март айымдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм! Жаз менен кошо кирип келген ушул күнү адамзаттын татынакай бөлүгү, көркү болгон аялзатын даңктап, урматтап, көңүлүбүздөн чыккан эң жагымдуу сөздөрүбүздү арнап келебиз.

        Аял заты, эне – баарынан ыйык, жашоонун башаты, үйдүн куту, очок ээси. Энеге болгон урмат-сый турмуштун маңызын арттырып, жашообузду көрккө бөлөп турат. Эненин мээрими аркылуу жашоодо тынчтык жана бакыт өкүм сүрөт. Сиздер — үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын кутусуздар, ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы маанай, ийгиликтин жаратманысыздар.

      Элибиз эзелтеден аялзатына – очоктун сактоочусуна өзгөчө аяр мамиле жасап, алардын туруктуулугуна жана чыдамкайлыгына, акылгөйлүгүнө жана түшүнүктүүлүгүнө терең таазим этип келген. Мына бүгүн да, жарашыктуу жаз айындагы ажарлуу майрам күнү – биздин сүйүктүү айымдарыбыздын эң жакшы сапаттары үчүн ыраазычылык билдирип, кɵӊүлүн кɵтɵрүп коюу ар бир эркектин парзы.

       Жашоо-турмушуңуздардагы эң кымбат жана теңдешсиз дөөлөт болгон чың ден соолукту каалап кетээр элем. Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылуу жылмаюу кетпей, ойлогон ой — максатыңыздардын ишке ашышына тилектешмин.

       Бардык үй-бүлөдө ырыскылуу бакубат жашоо болсун! Ар бир күн Сиздерге бакыт жана кубаныч тартууласын.

Майрамыңыздар менен асылзат айымдар!