AVN







“ОКУТУУНУН ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ БОРБОРУ” ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

“ОКУТУУНУН ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ БОРБОРУ” ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ
 Mar 7, 2023  324

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кенешинин 2022-жылдын 2-декабрындагы №4-жыйынын чечимине ылайык, ректордун  2023-жылдын 22-февралындагы  №65/1 буйругунун негизинде,  университетти окуу-усулдук кенешинин алдында түзүлгөн “Окутуунун инновациялык технологиялары борбору” өз ишин баштады. Аталган борбор  университеттин профессордук-окутуучулук курамынын арасында билим берүүнүн заманбап технологияларын IT –технологияларын окуу процессинде  колдонууну жакшыртуу, кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатын көздөйт.

 Борбордун  мүчөлөрү түрдүү эл аралык, республикалык денгээлдеги окутуу семинарларына катышып,  тиешелүү сертификат, дипломдорду алышкан, областтык, шаардык, республикалык денгээлде тренингдерди уюштуруп, өткөрүп жүргөн окутуучулардан турат. 4-март күнү  борбордун мүчөлөрү алгачкы жыйынын өткөрүшүп, иш планын  түзүшүп, окутуучуларга өтүлүүчү курстардын багыттарын аныкташты.  Окутууларды өткөрүү  апрель айында башталмакчы.

  • “ОКУТУУНУН ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ БОРБОРУ” ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ
  • “ОКУТУУНУН ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ БОРБОРУ” ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ
  • “ОКУТУУНУН ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ БОРБОРУ” ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ