AVN







АК КАЛПАК-КЫРГЫЗДИН КИЙИМ-КЕЧЕКТЕРИНЕН ЭҢ ЫЙЫГЫ

АК КАЛПАК-КЫРГЫЗДИН КИЙИМ-КЕЧЕКТЕРИНЕН ЭҢ ЫЙЫГЫ
 Mar 7, 2023  212

Жалал-Абад колледжинин гуманитардык илимдер ПЦКнын тарых окутуучусу А.К. Калчакеева  5-март Ак калпак күнүнө карата тарбиялык ачык сабак өттү.  Тарбиялык ачык сабакта окутуучу улуттук баш кийим жөнүндө баяндама окуп, студенттерге улуттук баш кийимдер жөнүндө тарыхый маалымат берди. А.Калчакееванын айтуусунда: калпак - кыргыздын мырзаларына таандык улуттук баш кийими. Көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан, ак калпак деп аталат. Ал алгач агыш (боз) кызгылт түстөгү кылчык, кийин ак уяң жүндөн жасалган. Бышык басылгын кийизден төбөсү бийик, этеги тегерек бычылып, оймо-чийме түшүрүлбөй, төбөсүнө чок чыгарылбай, астарсыз, бир гана тигиш менен бириктирилип, ошол жери маңдай жагы деген. Бара-бара бычымы менен формасы өркүндөтүлүп, көркөмдөлө баштаган. Калпак –  кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат. Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат. Калпак - кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Ата-бабадан кастарланып келе жаткан асыл мүлк. Кыргыз эли эл болуп тузүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн символу, ыйык белгиси катары кастарлап, сүр тутуп, сөөлөт санап, көрк катары маанилүү шаң -салтанатка кийип жүргөндүгү жалпы дүйнө элине белгилүү. Кыргыз өмүрү 40- 35 кылымга созулса, кыргыз калпагынын өмүрү да дал ошондой, узак уламалуу санжыра.

  • АК КАЛПАК-КЫРГЫЗДИН КИЙИМ-КЕЧЕКТЕРИНЕН ЭҢ ЫЙЫГЫ