AVN







Кыргыз Республикасынын символу болгон 3-март туунун жана 5-март ак калпак күнү

Кыргыз Республикасынын символу болгон 3-март туунун жана 5-март ак калпак күнү
 Mar 7, 2023  208

2023-жылдын 3-мартында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын э.и.к., доц м.а Жамашева Гүлбара Султанбековна ЭКк-1-22 тайпасынын куратору 3-март Кыргыз Республикасынын Туусунун кабыл алынган күнү жана 5-март ак калпак күнүнө карата куратордук ачык саат өткөрдү. Куратордук ачык саатты факультеттин деканы, э.и.д., професор Аскарова Айнура Каныбековна сөз сүйлөп, куратордук ачык саатта студенттерди патриоттук аң –сезимин ойготуу, мекенди сүйүү жана коргоого тарбиялоого чакырып кетти. Куратордук ачык саатта  3-март Кыргызстандын туусунун кабыл алынган күнү жана бул күн ар бир атуулдун майрамы катары эсептелерин белгиледи. ЭКк-1-22 тайпасынын студенттери тарабынан Шакиржанова Айзат жана  Абдурасулова Айназик туу күнүнө жана ак калпак күнүнө карата баяндама жасады жана обондуу ырлар ырдалды.

Куратор Гулбара Султанбековна Туу мамлекеттин эркиндигин даңазалаган, патрионттулуктун жана өлкөнү сүйүүнүн символу. Андыктан биз тарбиялап, билим берип жаткан жаштарды өз өлкөсүн сүйүүгө, аны көздүн карегиндей сактоого, мамлекетке ак кызмат кылууга чакырам. Эгемендигибиз кылымдар бою сакталып, кызыл туубуз ар дайым ачык асмандын алдында желбиреп, баарыбыз ынтымакта-биримдикте туубуздун алдында биригип туралы деген тилегин билдирди.

         Ак калпак байыртан эле кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими, ата-бабаларыбыздын мурасы катары саналып, өзүнө терең философияны камтыйт. Формасы, оймо-чиймелери, өзгөрбөстөн муундан-муунга өтүп келген. Калпак аркылуу кыргыздар адамдын жашын, коомдогу абалын билишкен. Бүгүнкү күнү дагы бул байыркы улуттук баш кийим өлкөбүздө кеңири колдонулат. Калпакты ардактуу, кадырлуу адамдарга белекке беришип, майрамдарга, жумушка, кыскасы кадимки турмуш-тиричиликте кийишет.

        Айтмакчы, учурда түрдүү иш-чараларда, майрамдарда ижара калпак тартуулоо салтка айланып барууда. Ал эми Кыргызстан спортчуларынын эл аралык спорт мелдештериндеги параддык формаларына сөзсүз түрдө калпак кирет.

      Ак калпак - тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестет. Кыргыздардын "Манас" эпосунда да Кыргыздар калпагы башынан түшпөгөн эл деп айтылат. Калпакка болгон мамиле кыргыздарда өзгөчө десек болот, аны таза кармап, ыргытып же тегеретишпейт, эки колдоп гана чечүү керек, илгери кыргыздар жерге койбой бийигирээк же жанына коюп алышкан. Кыргыз өз калпагын сатпайт, бирөөгө бербейт, бир гана мурас катары берсе болот. Калпакты жоготсо же бирөөгө берсе анда адам кадыр-баркынан, акылынан жана аброюнан ажыраган болот деп айтылат –деп тарбия иштери боюнча декандын орун басары Абдыманап кызы Нурия билдирди.

  • Кыргыз Республикасынын символу болгон 3-март туунун жана 5-март ак калпак күнү
  • Кыргыз Республикасынын символу болгон 3-март туунун жана 5-март ак калпак күнү
  • Кыргыз Республикасынын символу болгон 3-март туунун жана 5-март ак калпак күнү