AVN







МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ФОНДУ ЖАМУДА ЖОЛУГУШУУ УЮШТУРДУ

МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ФОНДУ ЖАМУДА ЖОЛУГУШУУ УЮШТУРДУ
 Mar 24, 2018  1062

    ЖАМУнун чоң жыйындар залында 23-мартта окуу жайдын мугалимдери жана студенттери менен Жалал-Абад аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ЖММК фонду) кызматкерлери ортосунда жолугушуу болду. Бул тууралуу ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгүл Доранова билдирди.

   Анда  Жалал-Абад аймактык  милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору Тургунбай Нишанов катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө каратуу ММК фонду КРнын аткаруу бийлигинин өкмөттүк органы болуп саналарын, анын иш аракети, функциясы тууралуу маалымат берди. Мындан сырткары ММК фондунун дагы бир функциясы жарандардын Саламаттык сактоо мекемелеринде медициналык жардам алуудагы укуктарын коргоо, алардын сапаттуу, медициналык, санитардык, фармацевтикалык жардам алуусун камсыздоо, Мамлекеттик кепилдик программанын Саламаттык сактоо мекемелеринде аткарылышын көзөмөлдөө экенин айтты.  Аталган функцияларды аткаруу үчүн жогорудагы фонд Саламаттыкты сактоо мекемелери, дарыканалар менен ар жылы келишимдин негизинде иш жүргүзүлүп,  сапаттуу медициналык, санитардык, профилактикалык, фармацевтикалык жардам көрсөтүлүшү жана анын төлөм каражаттары макулдашып түзүлөрүн билдирди.

    КРнын бардык жарандары үчүн 113 ишеним (түз чыгуу) телефон номери ММК фондунда ачылып, иштеп жаткандыгы жана байланыш бардык уюлдук байланыштар аркылуу акысыз жүргүзүлөөрүн кошумчалады.

     Ал эми жолугушууга 30дан ашуун окутуучулар жамааты жана 200дөн ашуун суденттер катышып, кызыккан суроолорун узатып жооп ала алышты

  • МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ФОНДУ ЖАМУДА ЖОЛУГУШУУ УЮШТУРДУ
  • МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ФОНДУ ЖАМУДА ЖОЛУГУШУУ УЮШТУРДУ
  • МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ФОНДУ ЖАМУДА ЖОЛУГУШУУ УЮШТУРДУ