AVN







САЛТАНАТТУУ ИШ ЧАРАГА

САЛТАНАТТУУ ИШ ЧАРАГА
 Mar 7, 2023  225

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун түптөлгөнүнүн 100 жылдыгына, университеттин ачылганына 30 жылдыгына карата 100 иш чара алкагында бүгүн Кыргыз Республикасынын Туу жана Ак калпак күнүнө карата тарых кафедрасынын жамааты жана  студенттери  “Кыргыз эли кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” аталышындагы университеттик деңгээлде салтанаттуу иш-чара өткөрүштү. Иш чаранын  башталышында тарых кафедрасынын жамааты тарабынан жүргүзүлгөн иштер жана жетишкендиктер жөнүндө, бир катар майрамдардын тарыхы боюнча маалыматтар камтылган слайд тартууланды, андан ары студенттер кыргыз бий, чыгыш элдеринин бийин бийлешип, көрүүчүлөр кызуу кабыл алышты. Ошондой эле кыргыз элинин улуттук баш кийимдеринин өзгөчөлүктөрүн жана кандай шарттарда кийилгенин баяндаган көргөзмө көргөзүлдү. Студенттер залда олтурган көрүүчүлөргө Кыргызстандын тарыхы боюнча кызыктуу суроо-жоопторду уюштурушуп, алардын ичинен жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектерди тапшырышты. Таланттуу студенттер жеке номерлери менен чыгышып көрүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болушту. Салтанаттуу иш чаранын жүрүшүндө Б.Осмонов атындагы ЖАМУнын кесиптик кошундар уюумунун төрайымы М.Маткеримова, Эстетика маданият борборунун жетекчиси Р.Шайымкулов тарых кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Г.А.Анарбаева куттуктап, студенттерге активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттар тапшырылды.  

  • САЛТАНАТТУУ ИШ ЧАРАГА
  • САЛТАНАТТУУ ИШ ЧАРАГА
  • САЛТАНАТТУУ ИШ ЧАРАГА
  • САЛТАНАТТУУ ИШ ЧАРАГА
  • САЛТАНАТТУУ ИШ ЧАРАГА
  • САЛТАНАТТУУ ИШ ЧАРАГА
  • САЛТАНАТТУУ ИШ ЧАРАГА
  • САЛТАНАТТУУ ИШ ЧАРАГА