AVN







АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА АЧЫК САБАК

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА АЧЫК САБАК
 Mar 3, 2023  211

Жалал-Абад колледжинин ветеринария  ПЦКнын окутуучусу  Б.Ж.Жолонбаева айыл чарба жаныбарларынын анатомиясы жана физиологиясы дисциплинадан Ветк-2-21 тайпасынын студенттерине ачык сабак өттү.

Сабак жүрөк кан тамыр системасы деген темада  болгон. Сабакка ветеринария ПЦКсынын башчысы М.Курманкулова, аталган ПЦКнын окутуучулары жана ЖАКтын методикалык иштери боюнча инспектору А.Сопукулова катышышты.

Б.Жолонбаеванын айтымнда сабак жандуу болуп, анда уйдун ,койдун жана тооктун жүрөгү  практикалык иште колдонулган. Студенттер айыл чарба жаныбарларынын жүрөк органдарынын түзүлүштөрүн үйрөнүшкөн. “Атайын койдун, уйдун жана тооктун жүрөгүн алып келишип, алардын анатомиялык түзүлүштөрүнүн өзгөчөлүктөрүн үйрөнүштү. Ар бир жаныбардын жүрогүнүн түзүлүшү ар башка болгондуктан, практикалык түрдө өз көздөрү менен көрүштү. Студенттердин терең билим алуусуна өбөлгө түзүү максатында ар бир практикалык сабактарда үй жаныбарларынын түрдүү скелеттерин, органдарын алып келип сабак өтөбүз – дейт Б. Жолонбаева.

  • АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА АЧЫК САБАК
  • АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА АЧЫК САБАК