AVN







МЫКТЫ УЛУК ОКУТУУЧУ

МЫКТЫ УЛУК ОКУТУУЧУ
 Mar 3, 2023  242

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун түптөлгөнүнүн 100 жылдыгына карата университеттеги билим берүү процессинин сапатын тереңдетүү, профессордук-окутуучулар курамынын ишмердигинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана педагогикалык ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу максатында ЖАМУнун профессордук-окутуучулар курамынын арасында өткөрүлүүчү “Мыкты улук окутуучу” номинациясынын сынагына экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын улук окутуучусу Аширалиева Бактыгүл Абдиумаматкадыровна катышты. 2023-жылдын 16-февралында улук окутуучу Аширалиева Бактыгүл Абдиумаматкадыровна БЭк-1-20 тайпасына “Бухгалтердик эсеп” предмети боюнча  “Учет денежных средств предприятий” темасы боюнча ачык практикалык сабак өттү. Ачык сабак учурунда улук окутуучу Аширалиева Бактыгүл Абдиумаматкадыровна тайпанын студенттерин кызыктыруу жана сабакка кызыгууну арттыруу   максатында суроо-жооп аркылуу аудиторияны активдештирди.

Сабакты мыкты чеберчилик менен окуу - усулдук ыкмаларды пайдануу менен, инновациялык ыкмаларды колдонуп, студенттерди кассалык документтерди толтуруп, кассирдин отчетун даярдоо боюнча тапшырмаларды берди. Андан соң улук окутуучу тема боюнча түзүлгөн тест аркылуу студенттердин билимин дагы бир ирет бышыктады. Сабак өз максаттарына жетти – деп билдирди кафедра башчысы Төлөнов Эмил Нажимидинович.

  • МЫКТЫ УЛУК ОКУТУУЧУ
  • МЫКТЫ УЛУК ОКУТУУЧУ
  • МЫКТЫ УЛУК ОКУТУУЧУ
  • МЫКТЫ УЛУК ОКУТУУЧУ