AVN







Заманбап билим берүү системасынын негизги билим берүү программасы жана жол картасы

Заманбап билим берүү системасынын негизги билим берүү программасы жана жол картасы
 Mar 3, 2023  513

Жогорку окуу жайларында   адистиктин өзгөчөлүгүнө жараша негизги билим берүү программалары (НББП) түзүлөт, алар  менен иштөөгө өзгөчө маани берилет. Негизги билим берүү программасы адистикти кабыл алуудан баштап, бүткөнгө чейинки иш-аракеттери камтылат. 550700 Педагогика багытындагы Башталгыч билим берүү профили боюнча түзүлгөн негизги билим берүүчү программа боюнча кезектеги талкуу Базар-Коргон районунун иш берүүчүлөрү, университеттин ушул адистикти бүткөн бүтүрүүчүлөрү менен биргеликте талкуу уюштурулуп,  НББП, жол картасы  боюнча сунуштар, пикирлер угулду жана талкууланды. Иш-чараны уюштурууга Э.Уметов атындагы педагогикалык факультеттин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор С.С.Сакиева, п.и.к., доценттер М.Ж.Найманбаев, К.М.Ураимов, улук окутуучулар А.Э.Төрөбекова, С.Ч.Осмоналиева,  Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башталгыч класстар боюнча методисти, университеттин педагогика адистигинин 2001-жылдагы бүтүрүүчүсү С.С.Мурзаева,  методист У.Баймуратова, №30 Ө.Атабекова атындагы мектеп-гимназиясынын директору Эргешова Г.Т. жана иш бүтүрүүчүлөр катышышты.

Алгач кафедра башчысы С.С.Сакиева негизги билим берүүчү программа, студенттин жол картасы   жөнүндө жалпы маалымат берди. Педагогика адистиги үчүн түзүлгөн негизги билим берүүчү программа 2022-жылдын 28-августунда Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окумуштуулар кенешинде каралып, бекитилген. Негизги билим берүүчү программа ар бир окуу жылында айрым толуктоолор, кошумчалар менен жаны окуу жылы үчүн толукталып турат. Негизги билим берүүчү программанын концепциясы-ички жана тышкы эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон моралдык жана инсандык баалуулуктардын туруктуу системасы менен эл аралык стандарттарга жооп берген көп баскычтуу инновациялык билим берүү аркылуу жогорку квалификациялуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү мугалимдерди даярдоо болуп саналат. Негизги билим берүүчү программа КРнын билим берүү жөнүндөгү мыйзамын, ЖАМУнун уставын, ЖАМУнун НББПны реализациялоо боюнча жоболоруна таянуу менен түзүлөт.

Негизги билим берүүчү программа курстун максатын, күтүлүүчү натыйжаларын, билим берүү программасын реализациялоону, т.а. окуу план, жумушчу окуу планын, программанын компетенцияларынын картасы,окуу планынын дисциплиналарынын аннотациясы, окуу планындагы элективдүү курстардын аннотациясы,практиканын аннотациясы, МАнын талаптары сунушталат.

  • Бул негизги билим берүүчү программаны өздөштүрүүнүн натыйжасында бүтүрүүчү төмөнкү компетенцияларга ээ болушу керек:
  • а) универсалдуу:
  • б) инструменталдык ;
  • в) социалдык-инсандык жана жалпы маданий;
  • Универсалдуу компетенттүүлүктө курчап турган дүйнө жөнүндө илимий билимдерди сын көз менен баалай жана колдоно алат, жашоонун, маданияттын баалуулуктарына багыт алат жана активдүү жарандык позицияны ээлей алат, адамдарга сый-урмат жана толеранттуулукту көрсөтө алат;
  • инструменталдык компетенттүүлүктө иш жана билим берүү тармагында мамлекеттик, расмий жана чет тилдердин биринде иштиктүү баарлаша алат, иш жана окуу чөйрөсүндөгү татаал маселелерди чечүү үчүн маалыматтык технологияларды колдонуу менен жаңы билимдерди алууга жана колдонууга жөндөмдүү; ишкердик билимин жана көндүмдөрүн кесиптик ишмердүүлүктө колдоно алат.

социалдык-инсандык жана жалпы маданий; жеке адамдардын же топтордун кесиптик ишмердигинде максаттарга жетишүүнү камсыздай алат

Кесиптик компетенттүүлуктүн 18 түрү калыптанат. Негизги билим берүүчү программа адистикти даярдоого окутуунун негизги жетектөөчү компонентин ишке ашыруучу процесс катарында практикада колдонулуп келет.

Негизги билим берүүчү программаны практикада колдонуудагы жетишкендиктер боюнча доценттер М.Ж.Найманбаев, К.М.Ураимов А.Э.Төрөбековалар да токтолуп өтүштү . Райондук билим берүү бөлүмүнүн башталгыч класстар боюнча методист С.С.Мурзаева негизги  билим берүүчү программанын түзүлүшү, анын практикаланышы – бул адисти даярдоодо маанилүү, программанын түзүлүшү талапка жооп берет. Айрыкча, адистиктин компетенттүүлүгүнө сунушталган талаптар мыкты иштелгендиги байкалат. Биздин оюбузча, окуу планына башталгыч класстарда каллиграфиянын практикумуна, мультимедиялык технологияларды үйрөтүү дисциплиналарына сааттардын көлөмү көбүрөөк сунушталса, программанын мазмуну мындан да терен болмок. А.Нышанбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинен Жаныбек кызы Акпейил, Садыкова Шахида, №7 М.Мамбеталиев атындагы мектеп-гимназиясынан Маматова Гүлзада, Тагай уулу Камал атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинен Жолдошова Батмалар да өз ойлорун ортого салышып, жогорудагы сунушту колдошту.

Адистин кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандырууда педагогикалык практиканы уюштуруу, ал боюнча шаардык жана райондук мектептерде уюштуруу – негизги билим берүүчү программанын уландысы катары каралат. Педагогика багытындагы даярдалып жаткан студенттерге практиканы уюштурууда  практикантка жол картасы түзүлөт. Бул маселе боюнча кафедра башчысы С.С.Сакиева III, IV семестрде уюштурулуучу адаптациялык практиканын жол картасынын түзүлүшү боюнча маалымат берди. Жол карта –бул студенттин иш планы катары каралат. Жол картада студенттин күнүнө аткарылуучу жумуштары, алардын убакыттары көрсөтүлгөн. Жол карта дайыма  методист менен биргеликте жүргүзүлөт. Жол картаны жетекчиликке алуу студент-практиканттын отчет жазуусуна, аткарылуучу жумуштарын пландаштыруусуна көмөкчү болот. Жол карта 2-3-курстун студенттери үчүн кафедранын окутуучусу, кафедранын практика боюнча жетекчиси Н.Ш.Мокуева тарабынан түзүлгөн. Факультеттин деканы, университеттин  карьераны  өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмү тарабынан бекитилген.  Жол карта практиканын алдында ар бир студентке берилет. Жол картанын түзүлүшу боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти С.С.Мурзаева, методист У.Баймуратова, мугалимдер  Г.Гуланова, И.Акбарова, З.Саиповалар тарабынан  жол картанын студент практикант үчүн баалуу  материал экендиги белгиленди Жол карта методистке, практикантка, мектеп жетекчилигине баалуу маалымат экендиги баса белгиленди. Кафедранын окутуучуларына ийгилик каалашты.

Талкууну  аягында кафедра башчысы С.С.Сакиева жыйынтыктап, негизги билим берүүчү программага, жол картага карата айтылган каалоолорго, сунуштарга терен ыраазчылыгын билдирип, сунушталган ойлор негизги билим берүүчү программаны, жол картаны  мындан ары өркүндөтүүдо эске алынарын баса белгиледи.

  • Заманбап билим берүү системасынын негизги билим берүү программасы жана жол картасы
  • Заманбап билим берүү системасынын негизги билим берүү программасы жана жол картасы
  • Заманбап билим берүү системасынын негизги билим берүү программасы жана жол картасы