AVN







3-МАРТ МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ

3-МАРТ  МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ
 Mar 3, 2023  210

2023-жылдын 2- март күнү филология факультетинин  немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын  улук окутуучусу Б.Молдобаева НТ-1-19 тайпасына куратордук ачык сабак өттү.

Куратордук ачык сабактын максаты студенттердин патриоттук ан –сезимин ойготуу,мекенди сүйүү жана коргоого тарбиялоо. Сабактын башталышында улук окутуучу Б.Молдобаева 3-март Кыргызстандын туусунун кабыл алынган күнү жана бул күн ар бир атуулдун  майрамы катары эсептелерин белгиледи.Тайпанын студенти Абдували кызы Адашкүл  туу күнүнө карата баяндама жасады жана аягында жасаган баяндаманын негизинде студенттерге суроо  менен кайрылды. Берилген суроолорго студенттер жогорку денгээлде жооп беришти. Сабак  учурунда слайддар жана көргөзмө материалдар колдонулду.Сабакта филология факультетинин тарбиялык иштер боюнча декандын орун басары Ч.Абдыкалыковага  сөз берилип, толуктоолор менен коштолду.Куратордук ачык сабак өз максатына жетүү менен жогорку денгээлде жыйынтыкталды.

  • 3-МАРТ  МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ
  • 3-МАРТ  МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ
  • 3-МАРТ  МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ
  • 3-МАРТ  МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ