AVN







ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
 Mar 3, 2023  395

        Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекттик университетинин эмгек жамааты студенттери менен биргеликте Мамлекттик туунун кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган жөө жүрүшкө катышышты.

       Иш чара шаардык мэрия тарабынан уюштурулуп, “Эркиндик” борбордук аянтына мамлекетибиздин эгемендигинин символу болгон кызыл туубуз көтөрүлдү. Ошондой эле шаар мэри Э.А. Ормоков, КРнын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т. Сыргабаев калаа тургундарын жана конокторун бүгүнкү даталуу күн менен куттукташып, гимн жаңырды.

     Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кенешбек Жумабекович – Туу мамлекеттин эркиндигин даңазалаган, патрионттулуктун жана өлкөнү сүйүүнүн символу. Андыктан биз тарбиялап, билим берип жаткан жаштарды өз өлкөсүн сүйүүгө, аны көздүн карегиндей сактоого, мамлекетке ак кызмат кылууга чакырам. Эгемендигибиз кылымдар бою сакталып, кызыл туубуз ар дайым ачык асмандын алдында желбиреп, баарыбыз ынтымакта-биримдикте туубуздун алдында биригип туралы – деген тилегин билдирди.

    Туу Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Авторлук жамаат:Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.

  • ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ