AVN







БЕКБОЛОТОВДУК ОКУУЛАР – 2018

БЕКБОЛОТОВДУК ОКУУЛАР – 2018
 Mar 23, 2018  876

ЖАМУнун  Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин “Башкаруунун автоматташтырылган системалары” кафедрасы тарабынан окуу жайдын чоң жыйындар залында 22–мартта техника илимдеринин доктору, профессор Т.Б. Бекболотовду жана техника  илимдеринин кандидаты, доцент З. Ж. Раевди эскерүүгө карата салтка айланган  «Бекболотовдук окуулар - 2018» - аталыштагы илимий –практикалык  конференция өткөрүлдү.  

   Илимий-практикалык конференцияга окуу жайдын  ректору Кеңешбек Усенов баштаган   50 профессордук - окутуучулук курамы  жана 147 студент катышты.

    Конференция 2 бөлүктөн туруп: алгач  пленардык жыйын,  андан кийин  секциялык иштер болду. Ошондой эле  Т. Б.  Бекболотов жана  З.Ж.  Раев тууралуу 2 видео тасма көрсөтүлүп,  катышуучулар тарабынан кеңири эскерүүлөр айтылды:

Жыйынтыгында 8 студенттик секция иш алып барып, активдүү катышкан жана мыкты баяндама жасагандыгы үчүн 50 студент  ЖАМУнун «Ардак грамотасы» менен  сыйланды деп билдиришти уюштуруучулар.

  • БЕКБОЛОТОВДУК ОКУУЛАР – 2018
  • БЕКБОЛОТОВДУК ОКУУЛАР – 2018
  • БЕКБОЛОТОВДУК ОКУУЛАР – 2018
  • БЕКБОЛОТОВДУК ОКУУЛАР – 2018
  • БЕКБОЛОТОВДУК ОКУУЛАР – 2018