AVN







КИРЕШЕЛЕР ЖАНА ИШКЕРЛЕР МЕНЕН ИШТӨӨ

КИРЕШЕЛЕР ЖАНА ИШКЕРЛЕР МЕНЕН ИШТӨӨ
 Mar 2, 2023  177

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика -юридикалык колледжинин экономика ПЦКнын ССк -2-21, ССк 2-22 тайпалары менен биргеликте  экономика ПЦК нын салык жана салык салуу адистигинин окутуучулары З.М. Ахмедова жана Г.Б.  Бекиева тарабынан  иш берүүчүлөр менен жолугушуу уюштурулуп, Сузак районунун мамлекеттик салык кызматынын адистери тарабынан  “Кыргыз Республикасынын  салык кодексиндеги салыктар жана жыйымдар”  темасында конференция болуп өттү.

Мында “Кирешелер жана ишкерлер менен иштөө” бөлүмүнүн башчысы  М.Т., Садыков конференцияны ачык деп жарыялап темага байланыштуу  мыйзамдын  негизинде салык төлөөгө ар бир жаран жана ишкана милдеттүү экендиги боюнча кенен маалымат берди.    “Атайын салыктар режими”  бөлүмүнүн улук инспектору С. Ж., Эшенкулов , “Салык карыздарын өндүрүү” бөлүмүнүн улук инспектору Б.И.,  Ибрагимов  студенттерди мекеменин бөлүмдөрү, алардын аткарган  кызматтары, салыктардын жана жыйымдардын түрлөрү, атайын салык режимдери, аларды өндүрүүнүн жолдору менен кенен тааныштырып өтүштү.

    2021 - 2022– жылдагы  мамлекеттин бюджетине 165 млрд. сом жыйналып, анын ичинен Сузак району  боюнча 120млн.сом   жыйналганын айтып өттү. Эшенкулов Самат Жакыпбекович, Аширбеков Чынгыз Аширбекович  өз сөзүндө ийгиликтер, жаңылыктар, салык   кодексине өзгөрүүлөр киргизилгендиги, салыктарды өндүрүү ыкмалары, ККМ жана КРнын экономикасына салыктан түшкөн пайдалары жөнүндө   студенттерге  кенен  маалымат беришти андан соң студенттер салык кызматкерлерине кызыгуу менен өз кесибине ылайыктуу ар кандай суроолорду  берип жооп алып жатышты, балдар терең ыраазычылыктарын айтып , мекемеге болгон кызыгуусун билдиришти.

  • КИРЕШЕЛЕР ЖАНА ИШКЕРЛЕР МЕНЕН ИШТӨӨ
  • КИРЕШЕЛЕР ЖАНА ИШКЕРЛЕР МЕНЕН ИШТӨӨ
  • КИРЕШЕЛЕР ЖАНА ИШКЕРЛЕР МЕНЕН ИШТӨӨ